Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Жарандык коомдон коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын курамына талапкерлер тандалат!

 

Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Жарандык коомдон коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) мүчөлөрүн шайлоо боюнча конкурс жарыяланат.

Жарандык коомдон Комиссиянын курамына мүчөлөрдү шайлоо боюнча конкурска катышуу үчүн талапкерлер аталган Мыйзамдын максаттарына жетишүү үчүн түзүлүүчү төмөнкү бирикмелердин бири сунушталат:

1) юридикалык жактардын катталган бирикмелери;

2) коомдук бирикме, фонд жана/же мекеме (муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерден тышкары) түрүндө катталган үчтөн кем эмес коммерциялык эмес уюмдар.

Жарандык коомдон комиссиянын курамына шайлоо үчүн бир мекемеден бир гана талапкер сунушталышы мүмкүн. Бир юридикалык жак жарандык коомдон Комиссиянын курамына шайлоо боюнча талапкерди сунуштоо максатында бир гана мекеменин курамында катыша алат.

Кыргыз Республикасынын 25 жаштан өткөн, жогорку билими бар, соттолгон эмес, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, жарандык демилгелерде жана активдүү коомдук иштерде тажрыйбасы бар эмгекке жөндөмдүү жарандары талапкер боло алышат.

Комиссиянын мүчөсү коомдук кеңешке мүчө боло албайт. Коомдук кеңештин мүчөсү жарандык коомдон Комиссиянын курамына шайлануу үчүн конкурска катышууга укуктуу. Комиссиянын курамына шайланган учурда, анын коомдук кеңешке мүчөлүгү токтотулат.

Жарандык коомдон Комиссиянын курамына талапкерди шайлоо боюнча конкурска катышуу үчүн (жеке өзү - колмо-кол, почта же болбосо электрондук почта менен) төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

1) талапкерди Комиссиянын карамына шайлоо үчүн сунуштаган бирикменин каты  (каттоодон өткөн бирикменин жетекчисинин колу менен  же катталбаган бирикмени түзгөн коммерциялык эмес уюмдардын бардык жетекчилеринин колдору, күбөлөндүргөн мөөрлөрү менен);

2) конкурска катышуу үчүн талапкердин арызы;

3) талапкердин билими, кесиптик ишиндеги тажырыйбасы жана коомдук иши, туулган датасын жана жерин (кун/ай/жыл, айыл/шаар, район/облус) көрсөтүү менен автобиографиялык маалыматтар (резюме сүрөтү менен), байланыш маалыматтары (дарек, телефон номер, электрондук почта).

Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

 почталык индекс: 720003, Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмү» деген белгини коюу менен), же osgo@mail.gov.kg  электрондук дарегине «коомдук кеӊешке мүчөлөрдү тандоо боюнча комиссиянын курамына конкурска» деген белги менен (5 МB көлөмүнөн ашпаган,  PDF форматында, бир файлда тариздөө сунушталат).

Жарандык коомдордон коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын курамына шайлоо боюнча “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жиберген талапкерлер конкурска катыша алышпайт.

 

Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу
2020-жылдын 28-февралында аяктайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


добавлен: 03.02.2020 17:54
просмотров: 173