Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Кризиске байланыштуу дары-дармектердин баасы 30%га өстү.

 

 37  0

Бул тууралуу “Дарылардын жеткиликтүүлүгүн жана медициналык мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун жакшыртуу” темасындагы конференцияда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин үчүнчү чакырылышынын коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

А.Султангазиевдин айтымында, буга чейин коомдук кеңеш жүргүзүп келген анализ, өлкөдө дары-дармектердин баасы, өз наркынан бир канча эсе жогору экенин көргөзгөн. Ошондой эле, мамлекет тарабынан дары-дармектерди сатып алууда ачык-айкындуулукту камсыз кылууда маселелер бар экени да белгилүү болгон. Ушул өңдүү проблемаларды жоюу үчүн, “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

“Калк үчүн көпчүлүк дары-дармектердин баасы өтө эле кымбат болуп жатат. Мисалы коңшу өлкөлөрдө 100 сом турган дарынын баасы, бизде 600-700 сомду чапчыйт. Андан тышкары, кризиске байланыштуу,баалардын баасы 20-30% га өстү.”

Иш-чарада, катышуучулар тарабынан аталган көйгөйдү жоюу боюнча чаралар иштелип чыгып, Өкмөткө жана Парламентке тиешелүү кайрылуу жолдонмокчу.+

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1098

 


добавлен: 24.11.2017 18:42
просмотров: 888