Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Дарылардын баасы көзөмөлгө алынат

Ноябрь 13, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
107

Өлкөдө ВИЧ, кургак учук жана сары өңдүү социалдык ооруулар күн санап өсүп барат. Алсак, кургак учуктун дарыга туруктуу түрү менен жабыркагандар көбөйгөн. Мындай илдеттердин дарыларын ооруканалар үч-төрт эсе кымбат сатып алат. Анткени, тийиштүү дарылардын баалары мамлекеттик сатуулар электрондук порталында өз наркынан 3-4 эсеге кымбат турат. Бул көрүнүштөр паракорчулуктун айынан болуп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин башчысы Айбар Султангазиев кабарлады. Башчы белгилегендей, бул көйгөйдү жоюу максатында ири медициналык борборлордо байкоочу кеңеш түзүү сунушталган.

-Изилдө өткөргөнбүз. Ар бир электрондук порталдагы бааларга карасак, нарк 3-4 эсеге кымбат. Бааларды салыштырсак, бир дары дарыканада 30 сом турса, порталда 120 сом деп сатууда турат. Мындайлар толтура. Бишкекте 10 сом болгон дары Нарын шаарында 100 сом болуп жатат. Балким, ошол эле акчаларга көп дары алмакпыз. Байкоочулар ооруканалар дарыканаларды кандай алып жатканын көзөмөлдөйт. Алар жакында ири бейтапканаларда ишин баштайт.

Кыргызстанда дарылардын 97%ы чет мамлекеттен алынып келинет. Ал эми, өлкөдө дарылардын баалары көзөмөлгө алынбагандыктан, фармацевтикалык компаниялар дарыга каалагандай нарк коёт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары дармек саясаты боюнча консультанты Жылдыз Жумагулованын айтымында,  жаңы мыйзам күчүнө кирсе, мамлекет бааларды көзөмөлгө алат.

-Дарылардын 3 пайызы гана өзүбүздөн чыгат. Биздин өлкөдө баалар көзөмөлгө алынбагандыктан, фармацевтикалык компаниялар өздөрү нарк коёт. Эми жаңы мыйзам күчүнө кирсе, бааларды мамлекет көзөмөлгө алат. Дарылардын жаңы тизмеси да түзүлдү. Эски тизме боюнча айтсак, 60-70 тей даары керексиз болуп калган.

Мамлекеттин каражаттарын эффективдүү пайдалануу максатында Кыргызстан 1996-жылдан бери эң керектүү дары-дармектердин тизмесин түзүп келет. 2012-жылкы дары-дармек тизмесинде 309 молекула болсо, жаңы түзүлгөн тизме боюнча алардын саны 400дүн тегерегинде. Бул тууралуу дары-дармек каражаттары менен камсыздоонун ишин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мариям Жанкорозова билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекеттик сатып алуулар тизмедеги  дарыларга жараша болот. Бирок, баардык дарыларды алууга мамлекеттин акчасы жетпейт. Андыктан, эл аралык уюмдардын жардамы менен дары өндүргөн ири ишканаларга буюртма берип сатып алсак,  биртоп арзанга түшмөк. Башчы, “Дары каражаттар жөнүндө” кабыл алынган жаңы мыйзам күчүнө кирсе, бул ыкма ишке ашаарын белгиледи.

Жаңы тизменин өзгөчөлүгү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен түзүлгөнүндө. Уюмдун эксперттери чакырылган. Керексиз даары-дармектердин баарын алып салдык. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына өзгөртүү жасап, сатып алуулардын глобалдык механизмин киргизсек, социалдык ооруулардын дарыларын алып келген ортомчулар да жок болмок. Баалар төмөндөйт. Мындан сырткары, дарынын булагы ишенимдүү болуп, сапатына кепилдик болмок.

Кошумчалай кетсек, жыл сайын 650дөй жаран ВИЧ илдетине чалдыгат. Гепатит оорусунун парентералдык түрүнө чалдыккандардын саны 300 миңден жогору.


добавлен: 24.11.2017 18:45
просмотров: 868