Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Б.Арстанбекова: Көмүлгөн мумия Борбор Азия чөлкөмүндө табылган жалгыз мумия.

Ушул жылдын октябрь айында 1970-жылдан бери Тарых музейинде сакталып турган мумияны көмүүнү бир катар коомдук уюмдар демилгеп, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин чечими менен, жерге көмүлгөнү белгилүү. Бул чечимге бир нече окумуштуулар каршы чыгып, мурдагы президент А. Атамбаевге кайрылуу жолдошкон. Учурда мумияны калтыруу же кайра казып алуу маселесин атайын түзүлгөн комиссия иликтөөдө. Биз Маданият жана маалымат министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Бүбайша Арстанбекова менен мумиянын көмүлүшү, министрликтеги көйгөйлүү маселелер, кеңештин алдыга койгон пландары тууралуу маек курдук.

-Бубайша айым, мумиянын көмүлүшү коомчулукта бир топ чуу жаратканы маалым. Бул  маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай?

-Мумия маселеси – көп жылдан бери чечилбей келген көйгөй. Тилекке каршы, Маданият министрлигинде аны изилдөө, сактоо боюнча маселе каралган эмес. Өкмөттөн аны сактоого каражат бөлүнгөн эмес.

Бул иш “чуулгандуу” болгону – министрлик комиссия түзө коюп, мумияны Баткенге алып барып, көмдүрүп койгонунда болуп жатат.

-Мумияны туура сактоо кайсы ведомствонун милдети эле?

-Негизи, Тарых музейи мумияны изилдөө тууралуу маселени көтөрүп, министрликтин жыйынына коюш керек болчу. Андан соң, жылдык бюджет каралган учурда, министрлик мумияны сактоо, изилдөөгө каражат алууга аракет кылышы керек эле. Бирок 60 жылдан бери мумияга көңүл бурулган эмес. Эгерде тарыхчылар чырылдабаса, дагы деле көз жаздымда калып кетет эле.

Айрымдар окумуштууларга “буга чейин кайда жүрдүңөр эле” деп, күнөө коюп жатышат. Бирок тарыхчылардын мүмкүнчүлүгү Маданият министрлиги же Тарых музейдин мүмкүнчүлүгүндөй эмес да. Алар – окумуштуулар. Алар изилдейт, ал эми, мумияны сактоого шарт түзүү, аны ойдогудай калыбында сактоо – министрлик менен муйзедин иши.

-Бул окуя боюнча коомдук кеңештин туруму кандай?

-Бул маселени боюнча, коомдук кеңештин мүчөсү катары, демилге көтөрүп, биз көз ачыктарды, илимпоздорду, министрликтин өкүлдөрүн чакырып, жыйын курдук. Жыйынга отуздан ашык адам катышты. Окумуштуулар мумия бузулуп кете электе, аны кайра казып алуу керектигин айтышты. Мумияны көмүүнү талап кылган эки көзү ачык аял келди. Алардын бири, өзүн Такуля деп атаган көзү ачык, “мага аян түштү. Мумия жерге берилбесе, Кыргызстанда согуш болуп кетет, жетинчи апрелде балдардын окко учуп каза болгону дагы, ушул мумиянын айынан, июнь окуясы да мумиядан болду, ошон үчүн жерге берүү керек болчу” деди. Экинчиси - Замира Муратбекова деген көзү ачык, “бардыгыңар  үч күндө өлөсүңөр”. - деп, бизди каргап, чыгып кетти. Иши кылып, алардын айтымында, мумия музейде сакталбашы керек экен.

Бирок, дүйнөлүк практикада мумиялар музейлерде жакшынакай эле сакталып келет. Кытайда, Египетте, Англияда канчалаган мумияларды сакталып, изилденип келет. Жок болсо, ошол өлкөлөр небак жок болуп кетет эле го.

Ал эми бул мумия уникалдуу экспонат болуп саналат. Анткени, ал Борбор Азия чөлкөмүндө табылган жалгыз мумия. Аны менен биз өз тарыхыбызды изилдесек болот. Ал кыз кандай үй-бүлөдөн экенин, ошол кезде кыргыздардын жашоо образы кандай болгону тууралуу көп, пайдалуу маалымат алсак болот. Анан көзү ачыктар айтты деп эле көмүп салган туура эмес. Эми ал аз келгенсип, алар кыз менен кошо табылган анын мончок-шуруларын дагы көмгүлө деп атат. Бул кыргыздын түбүнө жетүү үчүн жасалган саясатпы же кайсыл-бир сектанын кылганы деп да ойлоп кетип атам.

-Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңеште мумия боюнча комиссия түзүлгөн. Коомдук кеңештин өкүлдөрү ага мүчө катары кириштиби?

Ооба, комиссия түзүлгөн. Бирок, министрликтин статс-катчысы Бакыт Секимов  коомдук кеңешке бул тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Мен депутаттарга чалып, комиссияга кирбегенимди айткан соң,  комиссянын катарына кошушту. Ал болбосо, комиссия тууралуу укпай калмак экенбиз. Андан соң, мен комиссиянын отурумуна катышып, мумияны көмүү менен кайсыл мыйзамдар бузулганын тактап, айтып бердим. Эми, комиссинын кезектеги отурумунда маселе дагы каралат.

Ал эми, статс-катчы тууралуу айтсак, ал коомдук кеңешти министрликтин иштерине жолотпойт. Бир дагы тендерге байкоочу катары бизди кошпойт, комиссиялардын иштерине да кирбейбиз. Мумияны көмгөнгө даярдалган документтерди, актыларды сурасак, аны да берген жок. Биз менен кызматташууга деле кызыкдар эмес болуп жатат.

-Демек, мумиянын тагдырын комиссия чечет экен. Ал эми андан тышкары, министрликтеги көйгөйлөр тууралуу сөз кылсак. Мисалы жакында эле Тарых музейинен 500дөн ашуун баалуу экспонаттар уурдалып, жоголгону тууралуу маалымат таркады. Аларды уурдагандар табылып, жаза алган эмес. Мына ушул өңдүү көйгөйлөрдү кандай жол менен чечиш керек деп ойлойсуз?

-Министрликте системалуу реформа жасамайынча, министрдин алмашуусунан маселе чечилбейт. Мисалы министрликтеги каражаттарды ачык-айкындуулугу  тууралуу айтсак. Министрликтеги проблемаларды жоюу үчүн, тармак үчүн чындап күйгөн, реформатор, өзүнүн мыкты иш-планы бар, күчтүү министр керек жана ал министрликти түп-тамырынан өзгөртүшү зарыл.

Мындан тышкары, коомчулуктун көзөмөлү болмоюнча, эч качан өнүгүү болбойт. Саясий, экономикалык кризис учурунда байлык, атак-даңктын үстөмдүгү жүрүп жаткан мезгилде, маданият жоюлуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, сөзсуз түрдө коомчулуктун көзөмөлү тыкыр болушу керек.

-Акыркы суроо. Сиздердин коомдук кеңештин жаңы чакырылышынын түзүлгөнүнө жарым жыл толо элек. Сиздер кандай пландарды коюп жатасыздар?

-Коомдук кеңеште жети адам мүчөбүз. Төрага кылып, кино жаатындагы адис Дильшат Хасановду шайладык. Ал кино тармагын өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын берип жатат. Жаңы мүчөлөр иш менен таанышууда. Кенештин мурдагы төрайымы катары, кийинки отурумда отчет берейин деп жатам. Анда жасалган, жасалбай калган иштер боюнча маалымат болот. Мындан соң, статс-катчы Б.Секимовду жыйынга чакырып, биз менен кандай иштешүү пландары бар экенин угалы деп жатам. Же мурдагыдай эле бизди министрликтин ишине жолотпоонун үстүндө иштейби, ошону билели деп жатабыз. Жаңы министр менен дагы жолугабыз. Анын пландарын угабыз. Жетекчиликке мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, ачыктыкты камсыз кылуу, коррупциялык элементтердин бар-жогун аныктоо жана аларды алдын алуу деген коомдук кеңештердин мыйзамында жазылган үч маселени коебуз.

Маектешкен Айгуль Джунушалиева.


добавлен: 01.12.2017 10:16
просмотров: 462