Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Сапар Исаков: "Коомдук кеңештер бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн иштебеши керек"

Бүгүн, 19-декабрда премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик түзүмдөрдүн коомдук кеңештеринин жыйынында коомдук кеңештер бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн иштебеши керектигин айтты.

Анын айтымында, коомдук кеңештер түзүмдөрдүн жетекчилери менен укугу бирдей. "Алар мамлекеттик түзүмдүн актуалдуу маселелерин чечүүдө жана коррупцияга каршы күрөшүүдө жетекчилик менен бирге активдүү роль ойноосу зарыл. Мына ошондуктан коомдук кеңештер бирөөлөрдүн же жетекчиликтин жеке кызыкчылыгы үчүн иштебестен тең укуктуу өнөк катары иш алып баруусу керек", - деди Исаков.

Мындан тышкары Сапар Исаков өкмөт өкүлдөрү ар дайым коомдук кеңештердин иштерине көмөктөшүп, ачык-айкын иш алып барууга даяр экенин кошумчалап, баарынын түпкү максаттары бир экенин айтты.

"Бардыгыбыздын максатыбыз бир, ал ар бир жарандын укугу мамлекет тарабынан корголгон демократиялык жана светтик гүлдөгөн мамлекетти куруу", - деди Исаков.
https://www.super.kg/kabar/news/213291/

https://www.super.kg/kabar/news/213291/


добавлен: 21.12.2017 15:49
просмотров: 2146