Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Коомдук кеңештердин иши жакшырат.

Өкмөт менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташуу жакшырат. Бул өкмөттүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын алкагында ишке ашат. Анткени Кыргызстанда коомдук кеңеш менен мамлекеттик кызматтардын ортосунда биргеликте иштешүү төмөндөгөн. Мындан улам коомдук кеңештердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу  максатында мыйзам долбоору кабыл алынган.

Эми мамлекеттик мекемелердин эффективдүүлүгүн арттыруу, жарандар менен тыгыз байланыш түзүүнү бекемдөө иштери жүргүзүлөт. Мындан сырткары кеңешке мүчө болууну каалагандарга талаптар жогорулатылды.

“Коомдук кеңештердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында парламент мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизген. Анткени акыркы убактарда бул орган саясатташып, бийликтин ишениминен чыга баштаган. Ошондой эле кеңешке өз кызыкчылыгын ойлогон, ал тармакты түшүнбөгөн өкүлдөр мүчөлүккө киришкен”, – дейт ЖК депутаты Аида Касымалиева.


добавлен: 21.12.2017 15:57
просмотров: 517