Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Исаков: Коомдук кеңештер мамлекеттик мекемелерге өнөктөш болушу керек

Өкмөт жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга ниеттенүүдө. Бул багыт «Жаңы доорого кырк кадам» программасынын «Жарандык коомду өнүктүрүү» деп аталган 4-кадамына дал келет. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында коомдук кеңештердин жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, коомдук кеңештердин ишин өркүндөтүүнүн, аларга колдон келген көмөктү көрсөтүүсү тийиш болгон мамлекеттик орган жетекчилери менен өз-ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

Коомдук кеңештер мамлекеттик орган жетекчилеринин тең укуктуу өнөктөрү катары актуалдуу маселелерди, анын катарында коррупцияга каршы күрөш маселесин чечүүдө көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Эске салсак, учурда коомдук кеңештердин жыл сайын уюштурулуучу конференциясы өтүп жатат.

http://maralfm.kg/archives/271734


добавлен: 25.12.2017 16:18
просмотров: 2101