Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
Бүгүн мамалекеттик «Ала-Арча» резиденциясында коомдук кеңештердин жыл сайын өтүүчү жыйыны болду. Ага премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, коомдук кеңештин өкүлдөрү жана эксперттер катышты. Жыйында «Коомдук кеңештер» жөнүндө мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралды. Мындан сырткары мамлекеттик органдар менен Коомдук кеңештин биргеликте иштөөсү боюнча баяндамалар болду.
Коомдук кеңештер мамлекеттик орган жетекчилерине көйгөйлөрдү, анын катарында коррупцияга каршы күрөш маселесин чечүүдө көмөк көрсөтүүсү зарыл. Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдарынын Коомдук кеңештеринин ар жылкы конференциясында билдирди.
Исаков коомдук кеңештин мүчөлөрү менен өкмөт ачык баарлашууга жана биргеликте иштешүүгө даяр экендигин белгиледи.
-Коомдук кеңештердин иши кимдир-бирөөлөрдүн, же айрым жарандардын кызыкчылыгын, жеке амбицияларды канагаттандыруу үчүн эмес, ачык-айкын жүргүзүлүшү керек. Ар-бирибиз түшүнүүбүз керек. Бардыгыбыздын жалпы максатыбыз бар. Бул ар-бир жарандын укугу мамлекет тарабынан максималдуу түрдө корголо турган демократиялык, светтик, гүлдөгөн мамлекетти куруу.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 35 мекеме, органда Коомдук кеңеш иштейт. Анын он бешинде иш мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, кайрадан мүчөлөрдү тандоо боюнча Комиссия коомдук кеңештерге сынак жарыялаган. Бирок кеңешке мүчө болууга кызыктар болгон жарандар жок. Бул тууралуу Координациялык кеңештин тандоо комиссиясынын төрайымы Зарина Макен билдирди.
—Биринчиден алардын жумушу акысыз болуп жатат. Ошондуктан адамдар өзүнүн убактысын бөлгөнгө кызыкчылыгы жок. Азыр жетиден он бешке чейин кишини коомдук кеңешке бере алабыз. Ошентсе да талапкерлердин саны жетиден өтпөй жатат.
Коомчулукда жарандык көзөмөлдү күчөтүп, ошол министрликтердин жаңыча иштөөсүнө жакшы салым кошту деген пикир жокко эсе. Тескерисинче Коомдук кеңешке өз пайдасы үчүн иштегиси келгендер барып, өз көйгөйлөрүн эле чечип жатышат деген пикирлер эмнегедир бекемделип бара жатат. Бул ойду Жогорку Кеңештин депутатты Аида Касымалиева жокко чыгарбайт. Бирок өзү андай пикирлерге кошулбастыгын айтат.
—Жогорудагыдай сөздөр Коомдук кеңештердин өнүгүп жатканын билдирет. Эгерде коомдук кеңештер, пикирлер болбогондо мамлекеттик орган, институттар жакшы иштемек эмес. Менин оюмча, коомдук кеңештер ачык, айкындуулукка чоң салым кошуп келе жатат. Ошол эле учурда кемчиликтер да бар. Кемчиликтерди мыйзам аркылуу оңдойлу деп жатабыз. Себеби, кеңештерге мүчө болгондор көп иштебей калууда.
Аида Касымалиева билдиргендей, Коомдук кеңештердин жумуш жакшыртуу үчүн тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталган. Документте кеңеш мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтүн экиден төрт жылга узартуу жана алардын ишин баалоо механизмин киргизүү, мүчөлөрдүн санын бешке чейин азайтуу өңдүү толуктоолор каралган.
Чыңгыз Бексултанов Каржы министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү болуп иштейт. Ал аталган министрлик менен ачык-айкын иштээрин белгилеп, чогуу көп суроолорду чечип келгенин билдирди. Быйыл кеңештин мүчөлөрү менен бюджеттин аткарылышы боюнча анализ жүргүзүшүп, бир катар мыйзам бузууларды аныкташкан.
-Жыл сайын ар бир министрлик бюджетти кайрадан иштеп чыгышат. Анын негизинде айрымдарында кыскарып, кээ биринде каржылоо көбөйтүлүп калат. Бюджетти туура эмес пландоодон 30 млрд сомдон ашык каражат чыгаша болгон.
Айта кетсек, 2010-жылы экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси жана жарлыгы менен Коомдук байкоочу кеңештер түзүлгөн. Анын негизги максаты, министрликтер жана башка мамлекеттик мекемелердин ишине байкоо салып, алардын мыйзамсыз иштерге аралашпоосун, мониторингдерди жүргүзүп, жасалып жаткан иштеринин илгерилеши үчүн көмөкчү болуу эле. Кийин 2014-жылы Жогорку Кеңеш “байкоочу” деген сөзүн алдырып салып, Коомдук кеңеш деп аталып калган. Ал эми 2015-жылы декабрь айында Коомдук кеңештерди бириктирип, аларды көзөмөлдөө үчүн Координациялык кеңеш түзүлгөн. Кеңештин үстүнөн болсо, өкмөт көзөмөлдөйт.