Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Айбар Султангазиев: Талантбек Батыралиевди «бирөө» колдойт.

Декабрь 25, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
211

25-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Cаламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын талкууламак, бирок ал башка күнгө жылдырылды. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда жумушчу топ түзүлүп, министрликтин ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган эле. Мына ушул жагдай боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

Марал: Сиздин оюңузда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерген жумушчу топтун иликтөөсү эмне себептен ачык жарыяланган жок?

Айбар Султангазиев: Бизге келген маалыматтар боюнча, министрликтин ишин иликтеген комиссиянын корутундусун жарыялоого тоскоолдук кылышты. Андагы материалдар боюнча да эч ким кабардар болгон жок, аны карап талкуулоону бир айга жылдырып коюшту. Себеби Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев да корутунду 70 барактан тургандыктан аны окуй электигин айтты. Бирок ошол справка элдин арасында жүрөт, мен да окуп чыктым.

Анда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталганы жазылат. Алсак, ар кандай сатып алуулар боюнча;

— мындан тышкары, 3 жылдын ичинде 117 жетекчи бошотулган;

— гемодиализ боюнча Эсеп палатасынын фактылары көп;

— кымбат баадагы дарылар алынган экен,

— онкология боюнча көм маселе көтөрүлдү, ошонун негизинде фонд түзүлгөн, бирок ал дагы туура эмес жол менен түзүлгөн, ага 7 миллион доллар түшкөн. Менин билишиме караганда, ал фонд дагы жеке менчик катары негизделип калса керек. Негизи мамлекеттин бюджетине түшүш керек эле.

Марал: Аталган министрликтин кызматкерлери ушундай мыйзам бузууларга эмне себептен барып жатышат?

Айбар Султангазиев: Биринчиден, мыйзамдын негизинде иштебей жатышат. Ар бир мамлекеттик мекеме мыйзамдарга баш ийиши керек. Мисалы, тендерлер да мыйзам бузуулар менен өтүүдө. Кээ бир фактылар атайын ишке ашырылып жатат деп айтылат.

Ал эми кадр маселесинде да чоң тандем бар. Министр Талантбек Батыралиев  мекемени менчиктеп алгандай каалаганын алып, каалаган кадрын коюп жатат. Жазында кызматкерлер конкурс менен алынсын деген буйрук чыккан, бирок эки эле конкурс уюштурулуп башка жетекчилерди убактылуу деп коюп эле кызматка алып жатат.

Марал: Талантбек Батыралиевдин ишмердүүлүгү боюнча көп нааразылыктар айтылып жатат, ага чара көрүлүшү керекпи?

Айбар Султангазиев: Биринчиден, саламаттыкты сактоо тармагы туура иштеши керек. Каражат менен камсыз кылуу, дарылар, жабдыктар эффективдүү жол менен арзаныраак сатып алыныш керек, мунун баарын министр көзөмөлгө алышы зарыл. Мындан тышкары, медиктердин айлыгын көтөрүү боюнча өкмөттөн талап кылышы керек. Талантбек Батыралиев бул кызматка келгенден бери 3 жылда далай алешемдиктер болду, бирок дагы иштешине убакыт берели деп келишүүдө.

Биздин оюбузда, Талантбек Батыралиевди бирөө колдоп жатат окшойт. Анткени жада калса премьер-министрлер алмашат, Батыралиев дагы деле ордунда.

Бирок, эгер чара көрүлө турган болсо министрди жөн эле кызматтан бошотуп койбостон, башкы прокуратура, УКМК анын мыйзам бузган аракеттерин карап чыгып, ал үчүн жооп бериши керек.

http://maralfm.kg/archives/273440


добавлен: 27.12.2017 18:37
просмотров: 649