Кылмышкерге жан тарткан терөөчүлөр (видео)

   
16

Ички иштер министрлигинде түзүлгөн жумушчу топ Свердлов райондук милиция башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн аракеттерин иликтеп жатат. Анткени бул мекеменин кызматкерлери 500дөн ашуун факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканы аныкталган. Алардын мындай аракеттери негизсиз деп бааланууда. Андан тышкары, 40тан ашуун арыздар каралган эмес. Активисттер бул ишке Башкы прокуратура укуктук баа бериши керек дешет. Жумушчу топ өз ишин аяктаган соң, материалдар башкы көзөмөл органына тапшырылат. Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков маселе тууралуу кеңештин турумун билдирди.