Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Ялкун Даутов:«Акылдуу шаар» аябай оор проект болуп турат.

Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоору боюнча «Huawei Technologies» компаниясы менен болгон келишимден чыкты. Аткаруу бийлиги бул чечимин кытайлык компания өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарбагандыгы менен түшүндүрдү.

Өкмөт эми «Акылдуу шаарды» эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну убада кылды. Ушул теманын айланасында Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин мурдагы жетекчиси Ялкун Даутов  Марал радиосуна менен курду.

Марал: Алгач «Коопсуз шаар» болуп башталып кийин «Акылдуу шаар» деп аты өзгөргөн бул долбоорду буга чейинки бир дагы өкмөт ишке ашыра алган жок. Сапар Исаков баштаган өкмөт «Huawei Technologies» компаниясы менен келишим түзүп, чоң убадаларды берди эле. Бирок азыр кайра келишимден чыгууга аргасыз болду. «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке ашпай жатышынын башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Ялкун Даутов: Өзүңөр билгендей 2018-жылдын 11-январында өкмөттө «Акылдуу шаар» боюнча «Huawei Technologies» компаниясы менен келишим түзүлгөн. Келишим боюнча «Huawei» 72 кесилишке камераларды коюш керек болчу. Бирок өкмөт келишимден чыгып кетти. 5-6 жылдан бери «Коопсуз шаар» боюнча тендерлер болуп, тендердик комиссиянын ичи чыкпай бул боюнча соттук иштер дагы болуп жатат.

«Акылдуу шаар» аябай оор проект болуп турат. Анткени мунун үстүнөн бир эле эмес 3-4 мамлекеттик орган иштеш керек болуп жатат. Коомчулук жолдордо көп кырсыктар болуп атканын айтып, долбоордун ишке ашышын талап кылууда. Бирок «Акылдуу шаар» боюнча келишимге кол коюлганына 2 ай өтпөй өкмөт андан чыгып кетти. Мунун башкы себеби «Huawei Technologies» коюлган талаптарды толук аткарган жок.

Марал: Кыргыз өкмөтү «эми долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашарыбыз» деп ишендирип жатат. Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалын эске алганда өкмөт бул проектти өз колуна алып кетет деп ишенсек болобу же убактылуу гана элди жооткотуу аракетиби?

Ялкун Даутов: Өкмөт айткандан кийин сөзсүз жасаш керек. Убакыт деле келди. Эл дагы 5-6 жылдан бери бул долбоор качан ишке ашат деп күтүп жатат. Мейли өз күчү менен болобу, жергиликтүү бийлик мененби же бизнес чөйрөсү менен болсо дагы аягына чыгарыш керек. Болбосо сын-пикирлер абдан эле көп болот.

Марал: Ялкун мырза ал арада биздин коңшу мамлекеттер мындай долбоорлорду ишке ашырып, ийгиликтүү иштеп жаткан учур. Айрымдар «Коопсуз шаар» болобу же «Акылдуу шаар» долбоору болобу коррупциялык көрүнүштөр бар экенин айтышат. Бул сөздөр канчалык негиздүү?

Ялкун Даутов: «Huawei Technologies» дүйнөгө таанымал компания. Ал көп эле мамлекетке камераларды коюп, иштеп жатат. Бирок чынын айтканда кыска мөөнөттө «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу оор. Бул проект жөн гана камераларды коюу эмес, бардык спектрларын караш керек. Менин оюмча «Huawei Technologies» техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгууда кыйналып калды окшойт. Экинчиден биздин өкмөт койгон талаптарды аткара албай калды көрүнөт. Эми коррупция же башка маселелерди айта албайм. Качан бул проект ишке ашып анан акча түшө баштаганда билинет.

http://maralfm.kg/archives/292539


добавлен: 15.03.2018 13:43
просмотров: 459