Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


А.Султангазиев: Мыйзамсыз иштеген фармкомпаниялардын лицензиясын алыш керек (маек).

15-февралда күчүнө кирген «Дары каражаттары жөнүндө» мыйзамда бейтаптардын жашоосуна зарыл дары-дармектертин баалары кандай чектелээрин караш керек эле. Азыр мыйзам иштебей жаткандыктан, булар да ишке кирбей турат. Мындай пикирин Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Айбар Султангазиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
 
Анын айтымында, өлкөдө кургак учукка, ВИЧке, сарыкка (С, В түрүнө), онкологиялык жана бөйрөк оорусуна чалдыккан бейтаптардын жашоосуна зарыл дары-дармектер бар болгону менен башка мамлекеттерге салыштырмалуу 2-3  эсеге кымбат.
 
«Ош базарындагын дарыканларга Саламаттыкты сактоо министрлигинин күчү жетпей жатат. Мамлекеттик дарыканаарды курган менен алар атаандаштыкка туруштук бере албайт. Дарыгерлерге эмес фармацевтикалык компанияларга таасир этип, мыйзамсыз иштери үчүн алардын лиценциясын алып коюш керек. Мына ошондо өзгөрүү болот. Бирок өзгөрүүгө мурунку фармацевтикалык мафия каршы чыгып жатат окшойт,» — дейт Султангазиев.
 
Анын белгилегенине караганда, коомдук кеңеш керектүү дарылардын тизмесин каттоодон өткөрүү боюнча министрликке кайрылган. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Дары каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 2-3-окусунда, бейтаптардын жашоосуна зарыл дары-дармектер тууралуу жазылгандар жоголуп кеткенин айткан.

добавлен: 27.03.2018 22:15
просмотров: 712