Жүк ташуучу унааны тракторго айланткан бажычыларга иш козголду (видео)

   
42

Мамлекеттик казынаны 30 миллион сомдон куру калтырган дагы бир коррупциялык схема ачыкталды. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанга 354 оор жүк ташуучу унаа мыйзамсыз алынып келинген. Анда транспорт каражаттары бажы бекетинен өтүп жатканда, алар трактор катары катталган. Бул учурда эч кандай бажы төлөмү алынбай, бекеттерден эч токтоосуз өтө берет экен. Кымбат баалуу жүк ташуучу унааларды айыл-чарба техникасына айланта коюп, акча жасаган инспекторлор сурак берип жатканы маалымдалды. Маселе тууралуу Бажы кызматынын коомдук кеңешинин төрагасы Алтынбек Биялиев пикири менен бөлүштү.