Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Я.Даутов: Жол кырсыктарынын 80 пайзына айдоочулар күнөөлүү.

Жол кырсыктарынын 80 пайзына айдоочулар күнөөлүү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрага орун басары Ялкун Даутов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жолдорго камера коюлса кырсыктар азайт. Учурда өкмөт «Акылдуу шаар» долбооруна кадам таштап жатат. Сентябрга чейин жыйынтык болот.

Мындан сырткары аймактыга унаа жолдорун жарыктандыруу зарыл.

«Айдоочулар жогору ылдамдыкта жүргөндуктөн жол кырсыктарынын кесепети оор болуп жатат. Андыктан айдоочу менен инспектордун мамилелеринин маданиятын өзгөрсө жол кырсыгы азаят», — дейт Даутов.

Ал белгилегендей, инспекторлор унааны токтоткондо айдоочуга айыбын так түшүндүрүп бериши абзел.


добавлен: 16.07.2018 14:55
просмотров: 344