Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн шайлоо боюнча сынак уланууда.

Өлкөдө жети мамлекеттик органдын коомдук кеңештеринин иш мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аталган кеңештерге мүчөлөрдү тандоо боюнча Комиссия коомдук кеңештерге сынак жарыялады.

Сынак төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине жарыяланды:

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги;
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы;
Архитектура, курулуш жана турак-жай комплекси агенттиги;
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги;
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги;
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы.
Сынакка бизнес чөйрөсүндөгүлөр, эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай ассоциациялардын өкүлдөрү катыша алышат.
 

Коомдук кеңеш мүчөлөрү 2 жылга тандалат. Сынакка катышуу үчүн арыз, резюме, коомдук кеңеште кандай иштерди аткарып, кандай аракеттерди көрөөрү тууралуу кыскача баяндама жана эки уюмдан рекомендациялык кат керектелет.
 

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери 2011-жылы мурдагы Президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн. Кеңештер атайын мыйзамдын негизинде иш алып барат жана алардын негизги максаты – мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөө болуп саналат.

http://erkintoo.kg/vakansiya/p/koomduk-keeshterdin-mchlrn-shajloo-boyuncha-synak-ulanuuda

 


добавлен: 09.08.2018 12:16
просмотров: 594