Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Б.Жумакулова: Ооруканаларга иш билги жетекчилер дайындалышы керек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги (ССМ) Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорун (ҮМБ) оптималдаштыруу максатында, аларды бириктирүүнү чечти. Эгерде мурда калаада 19 бейтапкана бар болсо, эми ар бир төрт районго бирден ҮМБ ачылып, башкалары филиал болуп калат. Министрликтин бул кадамы тууралуу ведомствонун коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова өз пикирин мындайча билдирди:

-“Министрликтин реформасына ылайык, административдик башкаруу жана бухгалтердик бөлүмдөр биригет. Мунун жакшы жагы - ири каражатты үнөмдөөгө шарт түзүлөт. Албетте, бюджетте ансыз да каражат аз болуп турганда, акчаны үнөмдөө үчүн бул жакшы демилге, бирок кептин баары кадрдык маселеде болуп жатат. Ошол төрт ҮМБнын директорлору сөзсүз түрдө сынак аркылуу тандалышы керек. Биз, коомдук кеңеш, талапкердердин буга чейин басып өткөн эмгек жолу, мурда-кийин соттолгон - соттолбогону, саламаттыкты сактоо мекемесин өркүндөтүп-өнүктүрүү үчүн салым жасаганы өңдүү жагдайлар да каралышы керек деп жатабыз”.

Б.Жумакулованын айтымында, учурда ССМ жетекчиликти тандоо боюнча жаңы жобо иштеп чыгууда жана төрт бейтапканага убактылуу жетекчилик дайындалды.

-“Биз убактылуу шайланган төрт жетекчинин бирөөсүнө каршы болуудабыз. Анткени, Октябрь районунун ҮМБсына директор болуп дайындалган А.Теңизбаева жетекчилик кызматта, тактап айтканда онунчу ҮМБнын директор орун басары катары бир жарым гана жыл гана иштеген экен. Биздин пикир боюнча, жетекчилик кызматка тажрыйбасы мол адам келиши керек, анткени ири бейтапкананы башкаруу оңой эмес. Коомдук кеңеш бул маселени көзөмөлгө алмакчыбыз”

Айрым маалыматтар боюнча, бул өзгөрүүлөрдөн ооруканалардагы 80ге чукул административдик кызматкер кыскарат.


добавлен: 29.08.2018 22:31
просмотров: 429