Паракор милиция кызматкерлери жана салыкчылар кармалды (видео)

   
93

Милиция кызматкерлери 2,5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей 22-январда Башкы прокуратурага Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, тартип сакчылары аны «3 миң доллар бер, болбосо кылмыш ишин козгойбуз» деп коркутуп жатышканын айткан.

Анын арызынын негизинде ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМК менен биргеликте Бишкек шаардык милициясынын кызматкерин жана мурда ички иштер органдарында иштеп кеткен 2 адамды пара менен кармашкан. Барынан кызыгы, мурдагы милиционерлер буга чейин эле нече мыйзам бузуулар боюнча издөөдө жүргөндөр болуп чыкты.

Маселе боюнча пикирин журналисттерге ИИМдин коомдук кенешинин төрага орун басары Ялкун Даутов билдирди.