Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин 2012-жылдын 4-майындагы отурумунун протоколу

Катышкандар:   
 
Коомдук байкоочу кеңештин Төрагасы Тукбашев А.Ж. 
 
Коомдук байкоочу кеңештин Төрагасынын орун басарлары:Асаналиев К.А.
Джуматаева Г.М. 
 
Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Атабаев Ж.Р.
Джанузаков Т.И.
Зажигаева З.А.
Михайлов О.П. 
 
Коомдук байкоочу кеңештер боюнча эксперт, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Башкы башкармалыгынын башчысы Кыдыралиев З.К.
“Ачык Кыргызстан” сайтынын шеф-редактору Баратбаева Н.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Борбордук аппаратынан: 
 
КРСФ Төрагасынын биринчи орун басары Султанбеков Д.А.
Бюджеттик башкармалыктын башчысы Ибраев Н.Т.
Ички аудит бөлүмүнүн башчысы Таджибаев У.А.
Бюджеттик башкармалыктын башкы адиси Кудабаева Г.К.
Тышкы байланыштар, калк жана ММК менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Искакова М.
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси -Токторбаев У.А.
КРСФ Башкармалыгынын катчысы Мурагзамова М.М. 
 
I. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин отурумунун күн тартиби жөнүндө (Тукбашев А.Ж.) 
 
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин кезектеги отурумунун төмөнкү күн тартиби сунушталды: 
 
1. Кыргыз Республикасынын жана КР Социалдык фондунун бюджетин түзүү тууралу семинар-жыйын - баяндоочу: Коомдук байкоочу кеңештер боюнча эксперт Мурагзамова М.М., 
КР Каржы министрлигинин башкы башкармалыгынын башчысы Кыдыралиев З.К. 
Чакырылгандар: КРСФ Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү,
КРСФ Төрагасынын биринчи орун басары Султанбеков Д.А.,
КРСФ Бюджеттик башкармалыктын башчысы Ибраев Н.Т.,
КРСФ Аудит бөлүмүнүн башчысы Таджибаев У.А. 
 
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин ишинин уюштурулушу боюнча маселелер- баяндоочу: Тукбашев А.Ж 
 
  Добушка коюлуп - бир добуштан “макул” болушту. 
 
II. Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин түзүү тууралу семинар-жыйыны (Кыдыралиев З.К.)
           
Коомдук байкоочу кеңештер боюнча эксперти тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин түзүлүшү тууралу семинар жыйнды  Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Башкы башкармалыгынын башчысы З.Кыдыралиев алып барып, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү жана отурумдун катышуучулары окуу маалыматы угулуп, талкууланды. 
 

III.  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин ишинин уюштурулушу боюнча маселелер
(Тукбашев А.Ж., Асаналиев К.А., Джуматаева Г.М., Атабаев Ж.Р., Джанузаков Т.И., Зажигаева З.А., Михайлов О.П., Кенжекулова М.К., Мурагзамова М.М.) 
 
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары Г.Джуматаеванын кеңештин курамынан өз каалоосу боюнча чыгуу арызы каралып, арызын канааттандыруу чечими кабыл алынды.
Добушка коюлуп - бир добуштан “макул” болушту. 
 
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү О.Михайловдун талапкерлиги кеңештин төрагасынын орун басарлыгына сунушталып, бул сунушту колдоо чечими кабыл алынды.
Добушка коюлуп - бир добуштан “макул” болушту. 
 
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин курамына кирүүгө  Майрам Кенжекулованын талапкерлиги сунушталып,  арызы канааттандырылып, талапкер боюнча тиешелүү документтер Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына бекитүүгө жөнөтүү чечими кабыл алынды.
Добушка коюлуп - бир добуштан “макул” болушту. 
 

Коомдук байкоочу кеңештин Төрагасы  А. Тукбашев   
 

Протоколду түзгөн:
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси, КРСФ Башкармалыгынын катчысы У.Токторбаев... 


добавлен: 25.08.2013 17:53
просмотров: 610