Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Байкоочу кеңеш: электр боюнча төлөм системасы инвестицияга терс таасир тийгизет

Экономика министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Алмаз Түлекеев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 7-сентябрда төлөмдөрдү жокко чыгаруу сунушу өкмөткө жолдонду.

- Бул чечим инвестиция тартууга жана экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатат. Кеңири талдоого алынбай эле кабыл алынган. Маселен, Ош облусунда 1000 кВ электр энергиясын колдоно турган чакан ишкана ачуу үчүн 3 миллиондон ашык сом төлөш керек, бул жагдай ишкерлерге чоң жолтоо да.

Быйыл августта Улуттук энергетикалык холдинг 1 КВ электр энергиясына кошулуу үчүн 3500 сомдой акча төлөө системасын киргизүү чечимин кабыл алган. Сентябрдын башында Отун-энергетикалык жөнгө салуу агенттиги анын базалык акысын бекиткен. Ага ылайык, “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун электр түйүндөрүнө туташуу акысы 3 514,85 сом, «Ошэлектр» ишканасына 3 692,16 сом деп белгиленген. Экономика министрлигинин байкоочу кеңешинин маалыматы боюнча, мурда электр түйүнүнө кошулууга акы жок болчу. Жарандар майда жабдыктар үчүн гана “Бейформал төлөм” эрежеси боюнча акча берип келишкен. 

http://www.azattyk.org/a/27976668.html


добавлен: 14.09.2016 13:12
просмотров: 515