Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Электр энергиясына туташуу үчүн кошумча төлөм алуу сунушу каралат

Аталган маселени бүгүн Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети талкуулайт. Депутаттарга отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев, экономика министри Арзыбек Кожошев, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, Улуттук энергетикалык холдингдин директору Айбек Калиев маалымат беришет.

Быйыл августта Улуттук энергетикалык холдинг 1 КВ электр энергиясына кошулуу үчүн 3500 сомдой акча төлөө системасын киргизүү чечимин кабыл алган. Сентябрдын башында Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттиги анын базалык акысын бекиткен. Ага ылайык, “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун электр түйүндөрүнө туташуу акысы 3 514,85 сом, «Ошэлектр» ишканасына 3 692,16 сом деп белгиленген. Мурда электр түйүнүнө кошулууга акы жок болчу. Жарандар майда жабдыктар үчүн гана “Бейформал төлөм” эрежеси боюнча акча берип келишкен.

Экономика министрлигинин коомдук байкоочу кеңеши бул ыкма туура эместигин айтып, төлөмдөрдү жокко чыгарууну өкмөткө сунуштаган. (NT)

http://www.azattyk.org/a/28015544.html


добавлен: 28.09.2016 15:15
просмотров: 520