Учурда Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө күзгү чакыруу өнөктүгү жүрүүдө. Бул өнөктүк жылдын аягына чейин уланат. Биз өлкөнүн Коргоо иштери боюнча комитетинин коомдук кеңешинин башчысы Уулкан Байгуттиева менен аталган өнөктүк жана жалпы эле кыргыз армисяныны абалы, коомдук кеңеш алып барган иштер тууралуу кеп курдук.
-Уулкан Жумашевна, сентябрдын башынан тарта күзгү аскердик чакыруу өнөктүгү башталды. Аскер бөлүктөрүнүн аталган өнөктүккө даярдыгы кандай?
Быйыл, Өкмөттүн токтомуна ылайык, аскерге күзгү чакыруу 1-октябрдан эмес, 1-сентябрдан башталды. Алгачкылардан болуп, сентябрдын ортосунда чек арада кызмат өтөй турган уландар аскерге жөнөштү.
Ал эми аскер бөлүктөрү тууралуу айтсак, Кыргызстанда элүү аскердик бөлүк жана үч чакыруу пункту иш алып барат. Алардын баары аскерге чакырылган уландарды кабыл алууга даяр турушу зарыл. Биз, жыл сайын аскер бөлүктөрүнүн абалын текшерип турабыз. Мисалы, быйыл Ыссык-Көл жана Чүй облустарында болдук. Аскер бөлүктөрүндөгү башкы көйгөй – врачтардын жетишсиздиги. Өзгөчө жер-жердеги бөлүктөрдө доктурлар жетишпейт.
-Көптөгөн ата-энелер балдарын аскерге жөнөткүсү келбейт. Мындан үч-төрт жыл мурун армиянын катарын толтурууга аскерлердин саны жетпей, өлкөдөгү базарлардан, окуу жайлардан, атүгүл көчөдөн массалык түрдө уландарды кармап кетип, наарызылыктар чыккан. Азыр абал кандай? Дагы деле уландар аскерден качып жатышабы?
Акыркы жылдары аскер кызматын өтөйм деген жигиттердин саны арбыды. Бул маселеде “Мамлекеттик кызмат” тууралуу Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү оң таасирин берди. Анткени, жаңы эрежелерге ылайык, аскер кызматына тартылбаган жарандар мамлекеттик кызматтарда иштей алышпайт. Ал эми өзгөчө колунда бар ата-энелер балдарын мамлекеттик органдарда иштесе деп каалашат. Ошондуктан, акыркы жылдары аскерге келген билимдүү балдардын саны өстү. Айрыкча юристтер көп. Мисалы “Пантера” деген отрядда 32 бала жогорку билимдүү болсо, алардын он жетиси - юристтер. Мурдагыдан айрымаланып, депутаттар менен министрлердин балдары да армияга барып жатышат. Мисалы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин уулу аскерде кызмат өтөдү. Сиз айткандай, мурда аскерлердин саны жетишсиз болуп, аларды эптеп издеп табышчу. Армияда жаза албаган балдар бар эле. Эми, биздин армия билимдүү жана күчтүүрөөк болуп бара жатат.
-Тилекке каршы, аскерде кызмат өтөгөн уландардын өзүн өзү өлтүрүү фактылары жоюла элек. Сиздин оюңузча, эмнеликтен балдар мындай жолго барышууда?
Армиядагы суицид - өтө олуттуу проблема. Биздин коомдо балдарды аялдар тарбиялайт. Бала бакчада, мектепте, жогорку окуу жайда көбүнчөсү аялдар. Жада калса үйдө деле тарбия берген көбүнесе апасы да, туурабы? Ал эми аскерде абал такыр башка. Ал жакта темирдей бекем тартип, баары устав боюнча, шарттар катаал. Ал аз келгенсип, баланы колдогондун ордуна, үйүндөгүлөр телефон чалып, “уюбуз өлүп калды, насыяны төлөй албай жатабыз, чөп чабылбай калды” өңдүү өз проблемаларын айтышат. Анан албетте, ал өзүн жоготот. Ур-токмок жок деп айта албайм. Ал дагы тилекке каршы, орун алууда. Муну жоюу үчүн ар бир бөлүктү психолог менен камсыз кылуу керек. Видеокамераларды болгон жактарга коюп чыгуу зарыл. Биздин коомдук кеңеш бул боюнча Коргоо иштери боюнча комитетке сунуш берген.
-Коомдук кеңеш демекчи, сиздер аскерге чакыруу, дегеле армиянын абалын жакшыртуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзөсүздөрбү?
Ооба. Жогоруда айтып кеткендей, аскер бөлүктөрүн кыдырып турабыз. Мектеп жашындагы балдар менен “аскерге чакырууга чейинки даярдык” темасында иш алып барабыз. Мисалы метеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аскер постторунда “ачык эшик” акциясын өткөрүү, тийиштүү маалыматты берүүчү китеп-кече менен балдарды камсыз кылуу өңдүү иштерди жасайбыз. Мындан тышкары, ар бир аскер комитетинде “аскерге чакырууга чейинки даярдык” боюнча жардамчы орду пайда болду. Бул дагы жакшы жышаан. Анткени, бүгүнкү өспүрүм – эртеңки жоокер.
-Сиздерге жарандар көбүнесе кандай маселелер боюна кайрылышат?
Бизге өз арыз-муңдары менен бир топ жарандар кайрылат. Аскерлерге үй берүү маселеси боюнча, мыйзамсыз иштен кетирүү, пенсияга туура эмес чыгып калгандар, студенттерди чет өлкөдөгү аскер жогорку окуу жайларына жөнөтүү боюнча эң көп арыздар түшөт. Биз алардын ар бирин дыкат караганга аракет кылабыз. Анткени, коомдук кеңештин максаты - эл менен мамлекеттик органдардын ортосунда “көпүрө” болуу.
http://chabarman.kg/index.php/zhanylyktar/6682-uchurda-kyrgyz-respublikasynyn-kuralduu-k-cht-r-n-k-zg-chakyruu-n-kt-g-zh-r-d
|