Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Коомдук кеңештерге конкурс жарыяланды

Октябрь 12, 2016 | автор Бахар Хакимова
Бүгүндөн тарта министрлик жана ведомстволорго коомдук кеңештин мүчөлөрү арыздарын бере алышат. Конкурска документ кабыл алуу бир ай жүрөт.  

Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоого конкурс жарыяланды. Ага коомчулук өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдар, бизнес чөйрөсүндөгүлөр, эксперттер жана ар кандай ассоциациялардан катыша алышат. Коомдук кеңештердин координациялык кеңешинин пиар адиси Айгүл Жунушалиеванын айтуусунда, өлкөнүн 36 мамлекеттик органына коомдук кеңеш мүчөлөрү 2 жылга кабыл алынат. Сынакка катышуу үчүн арыз, резюме, коомдук кеңеште кандай иштерди аткарып, кандай аракеттерди көрөөрү тууралуу кыскача баяндама жана эки адамдан рекомендациялык кат керектелет. Учурда документтерди кабыл алуу башталды.

«Коомдук кеңештерге мүчөнү атайын комиссия тандайт. Документтеринин тууралыгы, мурда соттолуп-соттолбогондугу каралат. Катышууну каалагандар документтерин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү 207 дарегине жөнөтсө болот. Кабыл алуу башталды, бир ай жүрөт».

Коомдук байкоочу кеңештер мамлекеттик органдар менен калктын ортосунда көпүрө болушу керек. Маселен министрликтерде жана ведомстволордо эл үчүн пайдалуу чечимдер чыгарылабы, каражат туура пайдаланылып жатабы жана башка ушул сыяктуу маселелерге байкоо жүргүзөт.  Кеңештин мүчөлөрү 7 кишиден жогору болот, маянасыз иштешет.

Бул институт 2 жыл мурун негизделип, жаңы бутуна туруп келүүдө. Кыргызстан адам ресурсуна бай өлкө болгондуктан коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу зарылдыгын экс-президент Роза Отунбаева демилгелеген эле. 2014- жылы 24-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик органдардагы коомдук кеңештер тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери коомдук кеңештер менен тыгыз иш алып баруусу жана айына бирден кем эмес жолугушууларды өткөрүп туруу тапшырылган. Коомдук жана саясий ишмер Жыпар Жекшеев, алардын сөзсүз керектигин белгилейт. Бирок коомдук кеңештердин статусун жогорулатып, кеңеш бере турган орган катарып пайдаланса иштин натыйжалуулугуна көмөкчү болмок.

«Мисалы, Транспорт министринин минип жүргөн машинеси кытайлык компанияныкы экен. Бул деген түздөн-түз коррупциялык көрүнүш. Бул боюнча коомдук кеңешинин мүчөсүнө, министрдин жан сакчысы менен шопуру келип үстөмдүк кылганын ачыкка чыгарды, автоунаа кайтарылып берилди. Кичинекей болсо да ушул сыяктуу фактыларды тазалоого коомдук кеңештер жардам берет. Бирок көп учурда алардын юридикалык базасы начар болгон үчүн өзүлөрүнүн миссиясын аткара албай калган учурлар да болуп жатат».  

Транспорт жана жолдор министрлигинин коомдук кеңеши автоунаа маселесинен тышкары жолдор боюнча да кеңештерин министрликке берип турат.  Аталган министрликтин коомдук кеңешинин төрагасы Талант Садакбаев, салынып жаткан жолдордун ар бир документи текшерилип, коомдук угууларды өткөрүп турушаарын айтты.

«Балыкчы-Корумду жолу боюнча угууларды өткөрдүк. Аэропортто сырттан келген жүргүнчүлөрдөн алынуучу кошумча салык 15 долларга көтөрүлгөн кезде элди чакырып түшүндүргөнбүз. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу боюнча талкуу өткөргөндө ар ким өз талабын талашып жатып жакалашканга чейин барышкан».

Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин курамына жарандык активисттер, юристтер, экономисттер, филологдор кирет. Алардын арасында укук коргоочу Азиза Абдрасулова, Калича Умуралиева, Толкунбек Исаковдор да бар.  Коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутовдун айтуусунда, 2 жылда 27 жыйын өткөрүлгөн. Алардын иштөөсүнө бардык шарттар түзүлгөн. Эң негизгиси, Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланышында жакшы натыйжалар болуп жатат.

«Эки жылдын ичинде 27 жалпы жыйынды Бишкекте, Ошто, Ысык-Көлдө өткөрдүк. План боюнча ушул жылдын декабрь айына чейин дагы үч жыйын өткөрөбүз. Эң негизгиси, Ички иштер министрлигинин коом менен ачык байланышы, ачык сындар айтылуусу үчүн аракет кылабыз. Мен ойлойм бүгүнкү күндө биздин байланыш аябай жакшы болуп жатат». 

Бирок коомдук кеңештердин ишине айрым министрлик же ведомстволор тоскоолдук кылып ашыкча орган катары мамиле кылганы айтылат. Ошол эле учурда министрлик менен келишип алып өз иштерин жасап жаткандары да бар. Ошондуктан бул маселени кароого да мезгил келди дешет серепчилер.

http://maralfm.kg/archives/170574?s=%D1%8F%D0%BB%D0%BA%D1%83%D0%BD


добавлен: 14.10.2016 15:23
просмотров: 478