Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Коомдук кеңештер жаштар менен толукталат

16-ноябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын коомдук кенештеринин Координациялык кеңеши “БИОМ” экологиялык кыймылы менен бире “Коомдук кеңештердин катарына жаштарды тартуу” темасында тегерек стол уюштурду.

Өлкөдө жаштардын мамлекеттик башкаруу жараянына катышуу маселеси дале толук чечилбей келет. Бул жагынан алып караганда, коомдук кеңештер жаштар үчүн эң мыкты платформа болуп бере алат.

Дал ошондуктан, иш-чаранын максаты - жаштардын дараметин жогорулатуу, аларды мамлекеттик органдардагы сатып алуулар, антикоррупциялык иш-чаралардын жүзөгө ашуусу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына көзөмөл жүргүзүүгө катыштыруу болуп саналат.

Иш-чара учурунда Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова коомдук кеңештер салыштырмалуу жаңы иниститут болгону менен, көптөгөн жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатканына токтолду. Андыктан, жаштарды коомдук кеңештердин мүчө болууга чакырды.

Иш-чарада коомдук кеңештердин мүчөлөрү кеңештердин ишмердиги, ийгиликтер жана пландар тууралуу катышуучуларга айтып беришти. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу механизмдери талкууланды.

Жаштар уюмдарынын өкүлдөрү коомдук кеңештердин ишмердиги алар үчүн кызык экенин жана учурда жүрүп жаткан кеңештердин катарына кошулуу сынагына катышуу дилгирлигин билдиришти.


добавлен: 17.11.2016 16:07
просмотров: 605