Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


А. Жунушалиева: Коомдук кеңештердин көйгөйүн топтодук

А. Жунушалиева: Коомдук кеңештердин көйгөйүн топтодук

Декабрь 15, 2016 | жарыялаган Канай Анаркулов

2010-жылы Коомдук байкоочу кеңештер түзүлгөн. Анын негизги максаты, министрликтер жана башка мамлекеттик мекемелердин ишине байкоо салып, алардын мыйзамсыз иштерге аралашпоосун, мониторингдерди жүргүзүп, жасалып жаткан иштеринин илгерилеши үчүн көмөкчү болуу. Бүгүнкү күндө, коомдук кеңеш деп өзгөргөн кеңеш, мамлекеттик органдар менен иш алып баруусу жана анын натыйжалары  кандай? Бара-бара коомдук кеңештердин таасири өсүп жатканын, ошол эле учурда жетекчилик менен бир пикирге келе албай жаткандар да бар экендиги айтылып келет. Бул боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, жарандык тармак менен мамлекеттик кызматтардын ортосунда чогу иш алып баруунун эффективдүүлүгү артып жаткандыгы байкалат. Айрымдар болсо,  бул кеңештердин пайдасы деле жок деген пикирин айтып келишет. Мына ушул теманын алкагында, Коомдук кеңештердин Координациялык кеңешинин адиси Айгүл Жунушалиева менен маектештик.

 -Негизи эле Коомдук кеңештердин кереги барбы, алар канчалык деңгээлде өз милдетин аткарып жатышат?

-Биринчи сурооңузга дароо эле ооба, керек деп жооп берет элем.  Бул демократиялуу мамлекет экенибизди көрсөтүп турат. Ал эми коңшу мамлекеттерде бул тууралуу сөз да жок. Бирок, ошол Коомдук кеңештер мамлекеттик мекемелер менен кандай иштеп, кандай жыйынтык көрсөтүп жатат деген маселе бар. Туура мен биздеги 35 Коомдук кеңештин баары жакшы иштеп жатат деп айта албайм. Сындарды туура кабыл алабыз. Ошол эле учурда мыкты  иштеп келе жаткандары аз эмес. Эми бул жаш институт болгондуктан, дагы бир аз убакыт керек деген ойдомун. Эл дагы алардын ролун, ишин  туура түшүнгөндө, иш бир кыйла оңолот.

Айрым адамдар Коомдук кеңештерге өз кызыкчылыгы үчүн барары айтылып жүрөт. Жакындарын жумушка орноштуруу, кызыкчылыгына жараша иштерин бүтүрүү сыяктуу  бир катар мисалдар бар. Чындап карап көрсөк, Коомдук кеңештегилер айлык да албай иштейт эмеспи.

Негизи Коомдук кеңешке мүчө болом дегендер арыз бергенде, комиссия ал адам тууралуу баарын изилдеп чыгып, ал мекемеде туугандары жокпу, чындап иштеп бере алабы баарын карап чыгат. Сиз айткандай учурлар болуп калышы мүмкүн.  Министрге жакын болоюн, иштеримди бүтүрө коёюн деп, өз милдетин аткарбай, жеке кызыкчылыктарын алдыга койгондорду кесиптештери арыз менен кайрылса болот,же кандайдыр бир имиштер чыкса, комиссия карап, аларды мүчөлүктөн алып коюуга укугу бар.

Бүгүнкү күндө чындап эле мамлекеттик мекемелер менен тыгыз иштеп келе жаткан Коомдук кеңештер бар. Ошол эле учурда тирешип келе жаткандары да жок эмес. Аларды тоготпой койгон учурлар көп болот эмеспи. Алдыда ишти дагы алга жылдырып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Парламент Коомдук кеңештен байкоочу деген сөздү алып койгондон кийин жогорудагыдай маселе көбүрөөк жарала баштаган. Ошондуктан азыр Коомдук кеңештердин эмгеги текке кетпеши үчүн атайын мыйзам долбоору даярдалып жатат. Мисалы кеңешке жарандар эки жылга гана шайланат. Бул тармакты жаңы эле өздөштүрүп келе жатканда, ишти алдыга жылдыруунун аркетин көрүп жатканда адамдардын мөөнөтү бүтүп калат. Ошондуктан төрт жылга узартуу сунушталууда. Ошол эле берилген сунуштарды тоготпой, карабай да койгон учурлар болот. Андыктан, баардык Коомдук кеңештердин көйгөйлөрүн угуп, маалымат топтоп жыйынтык чыгардык. Эми ошонун негизинде Жогорку Кеңешке ишти жакшыртуу үчүн мыйзам долбоорун сунуштаганы турабыз.

Маегиңизге чоң рахмат.

http://maralfm.kg/archives/186630

 

 


добавлен: 19.12.2016 15:30
просмотров: 581