Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Коомдук кеңештерге конкурс жарыяланды

  • 15 декабрь 2016
Коомдук кеңештердин иштерине баа берүү жана келечек пландары тууралуу өткөн жыйын

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын алдында түзүлгөн коомдук кеңештерге конкурс жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн Коомдук кеңештердин иштерине баа берүү жана келечек пландары тууралуу өткөн жыйында айтылды.

"Кыргызстанда жалпысынан 300дөй коомдук кеңешме бар. Алардын мүчөлөрү эки жылда бир алмашып турууга тийиш. Андыктан биз мамлекеттик мекемелердин алдындагы коомдук кеңешмелердин мүчөлөрүн алмаштыруу кезеги келди. Кыргызстанда учурда бийлик кызматкерлерине эл үнүн жеткирип турган коомдук кеңештердин орду чоң. Андыктан бул эки тараптын мамилесин чыңдоо аракети дале болсо көрүлүп жатат", - деди Коомдук кеңештерге мүчөлөрдү тандап алуу боюнча комиссиянын өкүлү Зульфия Көчөрбаева.

Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен 2010-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган байкоочу кеңештер бардык министрликтерде түзүлгөн болчу. Бирок коомчулукта алар формалдуу түрдө эле иштеп келатат деп сындагандар арбын.

http://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-38330653


добавлен: 19.12.2016 15:33
просмотров: 723