Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Коомдук кеңештердин иши

 

Декабрь 15, 2016 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу

15401162_1254673897912592_2821638989859418686_n

Быйыл мамлекеттик кызматтарда коомдук кеңештин түзүлгөнүнө 6 жылдын жүзү болду. Бул убакытта 35 мамлекеттик органда кеңешме түзүлүп, анда 300 ашуун кызматкер иш алып барып келүүдө. Мындай маалыматтар 15-декбарь күнү Бишкекте “Ала-Арча” резиденциясында өткөн «Бийликтин жана коомдук кеңештердин 2016-жылкы өз-ара аракеттешүүсүнө баа берүү» жыйынында айтылды. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да катышып, бийлик органдарында түзүлгөн коомдук кеңештер институту мамлекеттин ажырагыс бөлүгү болуп калгандыгын белгиледи. Өкмөт башчы өз сөзүндө активдүү жарандык сектор мамлекеттик институттардын ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоодо өз ордун тапты дейт.

 Акыркы жылдардын тажрыйбасы коомдук кеңештер системасын өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн жогорку актуалдуулугун көрсөттү. Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан, жарандык демилгелерди талкуулоо, алга илгерилетүү боюнча иштерди сактоо жана улантуу маанилүү. Бирок мамлекеттик органдар менен коомдук кеңештердин өз ара карым-катнашында дагы эле бир топ көйгөйлөр бар. Айрым учурларда биргелешип иштешмек түгүл, тескерисинче, алардын ачык эле тирешүүлөрү болуп жатат.Бардык эле коомдук кеңештер өзүнүн ишинин натыйжалуулугун көрсөтө алышпайт, пландык кеңешмелерин өткөрүшпөйт, ал эми айрымдары дагы эле толугу менен калыптанып бүткөн эмес.

Коомдук кеңештер менен мамлекеттик органдардын чогуу иш алып баруусунун жыйынтыгын билүү максатында атайын сурамжылоо уюштурулган. Ага 174 мамлекеттик кызматкер катышып, анын 60 пайызын коомдук кеңештин мүчөлөрү, 40 пайызын мамлекеттик органдын кызматкерлери түзгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгында, 2015-жылы коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн 33 пайызы, ал эми 2016-жылы 46 пайызы мамкызматтар менен чогуу иш алып барып жатканына ыраазы экенин билдирген. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин өткөн жылы  67 пайызы канааттанган  болсо, быйыл алардын пайызы 75ке жеткен.  Коомдук кеңеш органды текшерүүчү эмес ага кеп-кеңеш берип, бирдикте иш алып бара турган институт болушу керек деген оюн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирип, жаралып жаткан ортодогу келишпестиктердин себебин айтты.

-Эки тараптын ортосундагы келишпестик тил табыша албай жаткандыктан болуп жатат. Коомдук кеңеш тарабынан да “биз кыйынбыз, асмандан түштүк” дегендей мамиле болбошу керек. Алардын мамлекеттик органдар менен өнөктөш катары иштешкени дурус. Керек болсо алардын абалын тушүнүү менен кароосу абзел. Анан дагы милдетти, укукту түшүнө билүүсү керек.

Коргоо кеңешинин, Ички иштер, Финансы, Билим берүү жана илим, Экономика, Эмгек жана социалдык өнүгүү министриктеринин, Миграция кызматынын, Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этникалар аралык мамилелер боюнча агенттиктин коомдук кеңештеринин мөөнөтү бүткөндүгүн коомдук кеңештерди тандоо боюнча комиссиянын төрайымы Зулфия Көчөрбаева маалымдады. Ага ылайык, бир жуманын ичинде жаңы тузүм дайындалышы керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук көзөмөл кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова башында жетекчилик менен түшүнүшө албай, бара-бара тыгыз иштешүүгө көнүп жатабыз дейт.

-Башында жетекчилик бизди түшүнбөй, оппозициядай эле кабыл алышты. Азыр болсо, Кудайга шүгүр, тыгыз байланышта иштеп келе жатабыз. Стат-катчы биз менен кеңешип, бирге иш алып барчубуз. Ал кызматтан кетип калганы менен, азыр башкармалыктын өкүлдөрү менен да тил табышып жатабыз десем болот. 5 упайлык баалоо ыкмасы менен баалай турган болсок, мен “3” деген бааны берем.

Бирок билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешчилери жетекчилик менен чогуу иш алып барып жатабыз дегенден алыс. Анткени алардын пикирлери көпчүлүк учурда унутта калып, чечим кабыл алууда ойлору айтылган менен эч кандай жыйынтык чыкпастыгын кеңештин мүчөсү Айнура Тентиева айтат.

-Министрликтин башкармалыгы эгер бир иш-чара боло турган болсо, бизге ошол күнү айтышат. Коомдук сүйлөшүүлөрдө биз менен кеңешип, айткандарыбызды жакшы эле угат. Берген кеңештерибиздин көпчүлүгү менен макул болот. Бирок ишке келгенде, натыйжа жок.

Эске сала кетсек, мамлекеттик кызматтарда коомдук кеңештер 2010-жылдан бери түзүлө баштаган. Алардын ишмердүүгүн арттыруу максатында мыйзам долбоору даярдалып жатканын Коомдук кеңешмелерди тандоо боюнча комиссиядан маалымдашты.

http://maralfm.kg/archives/186616

 

добавлен: 19.12.2016 15:39
просмотров: 571