Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Эл аралык базарда баасы 20 АКШ долларын түзгөн ифосфамид дарысын өкмөт 100 доллардан ашык суммага сатып алган

Саламаттыкты  сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиевдин айтымында, мамлекет тарабынан дары-дармектерди сатып алууда дарылардын баасы базар шартындагы бааларга салыштырмалуу эселеп жогору болууда. Мисалы өткөн жылы эл аралык базарда баасы 20 АКШ долларын түзгөн ифосфамид дарысын өкмөт 100 доллардан ашык суммага сатып алган.

“Биздин коомдук кеңеш мурдагы жылы мамлекеттик электрондук сатып алуулар порталын анализ жасап чыкканбыз. Анда медициналык препараттардын көбүнүн баасы ашкере жогору экени аныкталган. Биз мындан ары дагы мындай анализди жасай бермекчибиз. Эгерде ушул жылы дагы мисалы 20 сомдук дарыны медициналык мекеме 80 сомго сатып алып жатканы билинсе, биз дароо Башкы прокурататурага кат жаза турган болдук. Мындай жол менен, айрым медициналык мекемелердин жетекчилерин мамлекеттик сатып алуулардан пайда көрүү адатынан арылтабыз деген үмүтүм бар,”- дейт А.Султангазиев.

http://teznews.kg/el-aralyk-bazarda-baasy-20-aksh-dollaryn-t-zg-n-ifosfamid-darysyn-km-t-100-dollardan-ashyk-summaga-satyp-algan/

 

 


добавлен: 24.01.2017 15:37
просмотров: 475