Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Жаңы Салык кодексиндеги айрым өзгөрүүлөр калк үчүн өтө эле ыңгайсыз

Бишкек, 19-январь Бул тууралуу Факт.кейжи сайтына Мамлекеттик бажы кызматынын коомдук кеңешинин мүчөсү, Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Өскөнбаева билдирди.

123

Анын айтымында, Салык кодексинин жаңы редакциясына кыймылсыз мүлккө болгон салык боюнча жаңы өзгөрүү бар:

“Жаңы редакцияга ылайык, салык төлөнчү объектилер тууралуу отчет жылдын башында жана аягында тапшылырышы керек. Эгерде жыл ичинде, мисалы батириңизди сатып жиберсеңиз, атайын форманы колдонуп, үйдү сатканыңыз тууралуу Салык кызматына отчет беришиңиз керек болот. Айталы айылда жашаган чоң апаңыздын үйү сизге тийсе, үй жайгашкан районго барып, катталып туруп, анан сөз болуп жаткан отчетту бересиз. Антпесеңиз, айып пул төлөйсүз. Менимче, бул жарандар үчүн өтө эле ыңгайсыз”,- дейт Г.Өскөнбаева.

Г. Өскөнбаеванын айтымында, мындан тышкары жаңы редакцияда калк жана бизнес үчүн ыңгайсыз бир топ өзгөрүүлөр орун алган. Бул тууралуу Экономика министрлигинин коомдук кеңеши дагы айтып келүүдө жана кодексти талкуулоого тиешелүү баардык тараптарды катыштырууну Экономика министрлигинен талап кылган. Эгерде, Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынса, ушул жылдын июнь айынан тарта күчүнө кирет.

fakt.kg


добавлен: 24.01.2017 15:42
просмотров: 548