Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Медицина кызматкерлерин ооздуктоо башталдыбы?


Социалдык тармактарда Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси Кубанычбек Кулбатыровдун колу коюлган чечим чоң талкууну жаратууда. Анда дарыгерлердин президентке, Жогорку Кеңешке, мэрияга өз алдынча арызданбоосу, бийликтен бюджетте каралбаган кошумча акча бөлүүнү сурана албастыгы жазылган. Чечимге баш ийбеген дарыгерлер кызматтан алынышы мүмкүн экендиги айтылган.

Буга чейин Саламаттыктыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы дарыгерлерге маалымат каражаттарына комментарий берүүгө жана жумуш учурунда социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган буйрукка кол койгону айтылган эле.

Жогорудагы эки маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Көпчүлүк бул чечимдердин сөз эркиндигине зыян келтирээрин жана ансыз деле абалы начар медицина тармагынын өнүгүүсүнө бөгөт коёрун айтышууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев бул чечимдердин Баш мыйзамга каршы келээрин айтты. Анын айтымы боюнча мындай өңүттөгү документтер буга чейин да чыгып келген:

— Күзүндө да Тез жардам кызматкерлерине ЖМК менен сүйлөшпөө тууралуу маалымат таратылган экен. Бул болбогон нерсе. Ошол эле учурда бир нече мыйзам бузуулар да болуп жатат.

Султангазиев эртең байкоочу кеңеш чогулуш өткөрүп бир чечимге келээрин, аталган мыйзам иштей турган болсо элге зыяны тиээрин айтты:

— Менин оюм боюнча бул мыйзам жокко чыгарылышы керек. Аталган мыйзам иштей турган болсо элге эле зыяны тиет. Себеби, эркин коомдо бардык нерсе ачык болушу керек. Булар дарыгерлердин оозун бастырып, алардын адамдык беделине шек келтирип жатат. Эгер медицина тармагындагы көйгөйлөрдү дарыгерлер айтпаса, алар чечилбей калып кетет.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков буга чейин деле дарыгерлердин бийликке түз кайрыла албагандыгын эскертип, бул нерсенин өз эрежеси бар экендигин айтты:

— Биз департаментке, департамент министрге кайрылат, анан министр депутаттарга айтып чыгат. Эми албетте жаңы технологиялар колдонулуп жасала турган чоң операциялар болуп калышы мүмкүн. Ага бюджеттен акча каралбайт, андай убакта коомчулукка кайрылабыз. Бул болуп келген эле көрүнүш. Негизи эле чарбалык иштер боюнча башкы дарыгер департаментке кайрылыш керек, министрге кайрылат, ал жерден чечилбесе, мэрияга, андан соң депутаттарга кайрылабыз да. Бул мурдатан эле келе жаткан нерсе. Азыр бул мыйзам каяктан чыгып жатат билбейм.

Укук коргоочу Рита Карасартова мындай чечимдердин кабыл алынуусу акырындан сөз эркиндигин кысуу көбөйүп бараткандыгынан кабар берээрин айтты. Буга чейин бир топ мамлекеттик кызматтарда ооздукталып келген сөз эркиндигине, эми медицина тармагы да кошулгандыгын айткан укук коргоочу: «Биз КМШ өлкөлөрү арасында сөз эркиндигибиз менен мактана алат элек. Бирок тилекке каршы акыркы убактары сөз эркиндигине болгон кысым көбөйүп баратат. Мисалы сотторду да социалдык тармактарда минтип жазыпсын деп кысымга ала башташты. Улуттук банкта иштегендерге смартфон колодонбойсунар деп кысым кылып жатышкандыгы айтылууда. Ал эми медицина тармагына келе турган болсок, маселенин баары моргдун кебетесин карагылачы дегенден башталды. Дарыгерлер деле бардык нерсе оңдолбой жатса, социалдык түйүндөр аркылуу кайрылып маселесин чечкиси келет да. Ага да тыю салынса, эртең эле ошол чиновниктер да адам чыдагыс ооруканаларга туш болушат»,- деди.

Ал эми Түштүк аймактык жүрөк-хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Калдарбек Абдыраманов авиакырсыктан кийин медицина кызматкерлери өз оюн айтып, андан улам коомчулукта ар кандай сөздөр чыгып кеткендигин айтып, мындан улам пикирлерди ирээтке келтирүү максатында ушундай чечимдер кабыл алынса керек деди:

— Бардык эле нерсенин бир системанын ичинде болуусу керек. Маанилүү окуялар болгон учурда көрүнгөн жетекчи өз оюн чар-жайыт айта бергени туура эмес. Элге такталган маалыматтар берилиши керек. Баардык маселелер саламаттыкты сактоо министрлиги, департаменттер аркылуу кетиши керек. Негизи эле бир көйгөй боюнча депутаттарга кайрыла турган болсоң, алар деле ал маселени карап чыккан соң кайра эле министрликке жөнөтөт. Система аркылу иштебесең баары бир айлампа болуп калып жатпайбы. Негизи эле ар бир жаран өз оюн айтканга укуктуу, бирок ошол сөзүнө жооп бере алса гана.

Буга чейин Саламаттыктык сактоо министрлигинин статс-катчысы дарыгерлерге маалымат каражаттарына комментарий берүүгө жана жумуш учурунда социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган буйрукка кол койгону айтылган эле. Ошондой эле Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси Кубанычбек Кулбатыровдун дарыгерлердин бийликке өз алдынча арыздануусуна тыю салган чечимге кол койгон.

 

http://teznews.kg/meditsina-kyzmatkerlerin-oozduktoo-bashtaldyby/

 


добавлен: 24.01.2017 16:02
просмотров: 660