Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча агенттиктин коомдук кеңешинин төрайымы А.Касмалиева: Спортту жандандырууга убакыт келди.

Мамлекеттеги спорт тармагын Дене-тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча агенттик көзөмөлдөйт. Спортту өнүктүрүү, ден-соолуктуу чыңдоочу, иш-чараларды уюштуруу, жалпы эле калктын сейрек жашоого болгон кызыгуусун арттыруу – агенттиктин колунда. Биз аталган агенттиктин коомдук кеңешинин башчысы Анаркан Касмалиева менен тармактагы проблемалар, коомдук кеңештин иши, алдыга койгон пландары тууралуу маек курдук.

-Сиздерин коомдук кеңеш кандай көзгө көрүнүктүү иштерди жасай алды? Дегеле коомдук кеңештин мамлекеттик органдын ишин жакшыртууда ролу канчалык деп ойлойсуз?

Биринчиден, агенттиктин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын болушуна көмөктөштүк. Агенттиктин расмий сайтында коомдук кеңештин баракчасын ачтык. Биз көтөрүп чыккан проблемаларды жетекчилик, дирекция жана бөлүм кызматкерлери менен ийри отуруп талкулоого жетиштик.

Бирок, коомдук кеңештин аракеттери дайым эле мамлекеттик органдын ишин жакшыртууга алып келет дегенден алысмын. Мунун себеби - биздин аткаминерлердин бирди айтып, башканы жасаганы, жалпы эле  өлкөдөгү кадр маселесинин саясатташып кеткени. Коомдук кеңештердин сунуштары четке кагылып, мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынбай калгандыгы коомдук кеңештердин өзүнүн ишине да тоскоолдук жаратып жатат.

 -Сиздердин агенттикте кандай олуттуу проблемалар  жана жетишкендиктер орун алды?

Коомдук кеңештин иш планы боюнча, бүгүнкү күндө тармактагы негизги маселелер боюнча 3 комиссия иштеген. Алардын өткөн жылкы иш-аракеттеринин негизинде биз агенттике бир нече сунуштарды жасадык.

Мисалы, дене-тарбия жана спорт тармагынын башкаруу системасын жана агенттиктин кадрдык саясатын өзгөртүү, кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуунуу колго алуу. Билим берүү министрлигине караган спорттук мектептерди агенттиктин карамагына берүү жана алардын ишин жандандыруу.

Дене-тарбия жана спорт тармагынын кадрдык камсыздоосу акыркы 10 жылда начарлап кеткендиги байкалат. Бүгүнкү күндө тармакта иштеп жаткан адистердин 30-35 пайызынын  гана жогорку билими бар. Биздин кеңеш агенттике бул проблеманы жоюу жолдорун сунуштады. Ал үчүн тармактагы илимий иштерди жандандыруу жана замандын талабына жооп берген адистерди даярдоо керек.

Мындан тышкары, тармакта финансылык менеджменттин, жалпы эле көзөмөлдүн жоктугу жана кызматкерлердин жоопкерчилигинин төмөндүгү 2014-2015-жылдары агенттиктеги көптөгөн финансалык тартип бузууларга алып келген. Мисалы, тендерсиз ири суммаларга мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер сатып алынган. Анын ичинде допингдердин катарына кирген милдоний да бар. Учурда, Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын директору У.Майназаровго, каржылоо бөлүмүнүн 2 кызматкерине, ушул жана башка маселелер боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Мындан сырткары “Спорт курулуштары жана спорттук камсыздоо” мамлекеттик ишканасынын директору Э.Касеновдун каржылык жана эсептик жактан кетирген кемчиликтери боюнча учурда тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүү жүрүп жатат.

Дагы бир маселе, биздин кеңеш спорттук уюмдар менен федерацияларды аккредитациялоо боюнча Жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү сунуштаган.  Эми мындан ары, агенттик тарабынан иштелип чыккан Жобонун негизинде аккредитация алган федерациялар өз салымын ачык көрсөтүүсүнүн  негизинде келишим түзүлүп  бюджеттен каржыланат.

-Өлкөдөгү спорт жана дене тарбиянын абалын жакшыртуу үчүн кандай иштерди жасоо зарыл?

Мамлекеттик деңгээлде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча регионалдык  программаларды кабыл алуу зарыл. Аларды кабыл алууда учурдагы экономикалык абалды, каржы-материалдык каражаттардын жетишсиздигин эске алуу керек.

Биз сөз кылып жаткан тармакта мыкты каржылык менеджментти колдонбосо, абал жакшырбайт.

Мындан тышкары, квалификациясы жогору,  дене тарбия жана спорт боюнча  учурдун талаптарына жооп бере турган адистерди даярдоо маселеси курч.

Дене тарбия жана спорт тармагында ден-соолуктуу чыңдоо, спорттук иш-чаралардын сапатын жогорулатуу керек. Заманбап спорттук курулуштар, керектүү шаймандар менен жабдууланган спортзалдар менен бассейндерди куруу жана аларды эффективдүү колдонуу керек. Милдетүү түрдө балдар үчүн акысыз спорттук секцияларды ачуу зарыл.

Ошондой эле, таланты, спортко шыгы бар балдарды спорттук интернаттарга тандап алуу жана окуу, машыгуу, тарбиялык иштердин системасын өзгөртүү керек.

Спорттук медицинаны, илимий иштерди жандандыруу, спортчуларды даярдоодо заманбап технологияларды колдонуу дагы мезгил талабы.

-Сиздин оюңузча жаш балдардын, өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусун кантип арттыруу  мүмкүн?

Балдардын, өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусу – үй-бүлөдөн жана мектептен башталат.

Сергек жашоо программалары менен кызыктуу иш чараларга балдарды тартуу керек. Дене тарбия мугалимдерине учурда секциялык иштерди уюштурууга , сабактарды кызыктуу өткөрүүгө шарт түзүү керек. Жакшы иш алып барган мугалимдерди  моралдык жана материалдык жактан колдобосо болбойт.

Бүгүнкү күндө 5-6 миң. сом айлык маянасы менен иштеген, мектепте 1-2 тобу бар  мугалимден же машыктыруучудан эмнени талап  кылса болот?

Ошондой эле, сергек жашоо программаларын ишке ашырып, телеберүүдөн тиешелүү социалдык роликтерди чыгаруу зарыл.

-Сиздердин алдыга койгон иш-пландарыныздар кандай?

Биз дене тарбия жана спорт тармагындагы көйгөйлөрдү  чечүүгө салым кошууну максат кылдык. Мисалы,мамлекеттик денгээлде ден-соолуктун, дене тарбиянын жана спорттун баалуулугун көтөрүү, дене тарбия жана спорт системасындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу программаларын түзүү, семинарларды уюштуруу, илимий иштерди  улантуу.

Кыргызстандын көчө футбол федерациясын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун үстүндө иштесек деген оюбуз бар.

Айгуль Джунушалиева Координациялык кеңештин ПР адиси.

 


добавлен: 09.03.2017 10:59
просмотров: 705