Өлкөдө мектеп медицинасы акыркы эки жылда аз-аздан өнүгүп келе жатат. Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кенешинин төрага орун басары Бактыгүл Жумакулова менен мектеп медицинасы, анын мааниси тууралуу маек курдук.
-Сөзүбүздүн башында мектеп медицинасы деген түшүнүк тууралуу айтып берсеңиз?
Мектеп медицинасы – профилактикалык медицинанын негизи. Бул – жаш балдар менен өспүрүмдөрдүн ден-соолугун байма-бай текшерүү, патологияларды өз убагында таап, дарылоо, сөзсүз түрдө ар бир мектепте бирден дарыгердин болуусу. Мындан тышкары инфекциялык көзөмөл, туура тамактануу, ооруларды алдын алуу – ушунун баары мектеп медицинасынын негизи. СССР убагында аталган медицинага өзгөчө көңүл бурулчу. Эгемендик алгандан бери, тилекке каршы бул тармак көз жаздымда калып калган.
-Сиз мектеп медицинасын жандандыруунун үстүндө иштеп жатыптырыз. Дегеле, бул ишке ашчу маселеби?
СССР ураганы, мектеп медицинасы толугу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинен Билим берүү министрлигинин карамагына өткөн. Бирок бул такыр туура эмес чечим болгон. Мен тиешелүү документтерди издештирсем, ведомстволор аралык буйрук акыркы жолу 1993-жылы чыккан экен. Бул документти жаңылоо жана жалпы эле мектеп медицинасын жандандыруу иштерин жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Биз – комиссия мүчөлөрү керек болсо жалпы билим берүү мекемелерине карата санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен талаптар жок экенин изилдеп чыктык. Ансыз мектеп медицинасы тууралуу кеп да болушу мүмкүн эмес. Документ эки жыл иштелип, жаңыланды. Эми иш ордунан жылды десек болот.
-Эмне үчүн биз мектеп медицинасын өнүктүрүшубүз керек? Анын коомго кандай пайдасы бар?
Биринчиден, ата-энелер дарыгер эмес.Андыктан алар баланын организминдеги өзгөрүүлөрдү убагында байкабай калышы мүмкүн. Эгерде бала-бакча, мектептерде медицина тиешелүү денгээлде болсо, патологиялар эрте аныкталмак. Азыр балдар арасында инфекциялык оорулар, көз, нерв, жүрөк илдеттери көбөйдү. Компьютердин алдында көп отуруп, кыймылдан жогунан дене бойдун туура эмес калыптанышы орун алууда. Статистика боюнча, акыркы жылдары майып балдардын саны өсүүдө. Мындай көрүнүштөрдү азайтуу үчүн мектеп медицинасын көтөрүү зарыл. Ал үчүн ар бир бала-бакча, мектепте сөзсүз түрдө дарыгер болуш керек. Ар бир бала системалык түрдө медицианылык кароодон өтүшү зарыл. Мектеп дарыгери кайсыл-бир патологияны байкаса, ата-энеге, мугалимге, үй-бүлөлүк дарыгерге дароо билдирип, тиешелүү чаралар көрүлмөк. Поликлиникадагы бир үй-бүлөлүк врачка миңдеген бала туура келет. Ал кайсы бирин карап жетишет, туурабы?
Мындан тышкары мектеп медицинасынын дагы бир функциясы – сергек жашоо образы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ата-эне менен балдарга спорттун, сергек жашоонун маанисин, жаман адаттардын зыяны, туура тамактануу, жаратылыш менен жакшы мамиледе болууну түшүндүрүүнү дагы биз сөз кылып жаткан тармак камтыйт.
Ошондуктан, мектеп медицинасы бизге абадай эл керек болуп жатат.
-Бул тармакты өнүктүрүүдө кандай проблемалар бар болуп жатат?
Буга чейин көптөгөн мектептерде медициналык бөлмөнү мындай кой, аптечка табылчу эмес. Акырындап бул маселе жоюлуп жатат. Болгон дары-дармек менен камсыз болгон атайын бөлмөлөр иштеп баштады. Бирок эң башкы, эң чоң көйгөй – адистердин жетишсиздиги. Мектепте иштей турган врачтар, мээрман айымдар аз. Бирок биз акырындап бул маселени да чечебиз деп ишенем. Биз ар бир мектепте бирден дарыгер болушуна жетишибиз керек.
Маекту уюштурган Айгуль Жунушалиева, Координациялык кеңештин ПР адиси.
|