Бул тууралуу Каржы министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Бакыт Сатыбеков билдирди.
Анын айтымында, Каржы министрлигинде бир канча жылдан бери коррупция менен күрөшүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Мисалы, мындай аракеттердин натыйжасы катары өзүн-өзү башкаруу органдарына гранттарды берүү системасынын жакшы жакка өзгөрүүсүн айтса болот.
“Система дээрлик толугу менен автоматташтырылып, грант бөлүштүрүү жараянынын ачык-айкын болушуна шарт түздү. Ошондой эле министрликте Бюджеттик кодекс кабыл алынды. Бюджеттик кодекстин алкагында, министрлик менен ведомстволорду каржылоо программалык негизде жүрөт. Бул — коррупция менен күрөштөгү дагы бир жетишкендик болду”,-деп билдирди Б.Сатыбеков.
Бирок, коомдук кеңештин төрагасынын айтымында, аткара турган иштер дале көп. Анын айтымында, коррупциянв жоюу үчүн нормативдик актыларга ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү зарыл.
“Мисалы мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамда коррупцияга жол берчү айрым учурлар кездешет.Андыктан, аны кайрадан карап чыгып, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Биздин коомдук кеңеш бул тууралуу департаменттин башчысына кирип, айттык. Эми, директор биздин сунуштарга кулак салабы же көңүл сыртында калтырабы – кеп ошондо”, — деди Б.Сатыбеков
|