Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Паракорлукка каршы күрөштүн саны менен сапаты талкууда

  • 31 март 2017
Башкы прокуратура 2016-жылы коррупция боюнча 812 кылымыш иши козголгон
Image captionБашкы прокуратура 2016-жылы коррупция боюнча 812 кылымыш иши козголгон

Кыргызстанда соңку үч күндө эле үч мамлекттик кызматкер коррупцияга шектелип кармалды. Алардын бири курулуш тармагынан болсо, калган экөө укук коргоо органынын кызматкерлери. Өлкөдө 2010-жылдан бери коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат дегендер менен катар эле бул иш жакшы натыйжа бербей жатат деп сынга алгандар да бар.

Соңку үч факты дароо социалдык тармактарга жарыяланып, коррупция боюнча ар кандай талкууларга жем таштап жаткан кез. Ал арада бир нече министриликтин коомдук кеңештери менен координациялык кеңеш мамлекттик мекемелердеги коррупциянын деңгээли тууралуу маалымат беришти.

"Бир нече иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Билим берүү, Саламаттыкты сактоо жана Ички иштер министрлиги абдан коррупцияланган министирликтер экени айтылып келет. Мамлекттик мекемелердеги Коомдук кеңештер мекеменин өзү менен тыгыз иш алып барышат. Бирок мыйзам бар экенинне карабай, кээде айрым мамлекттик органдар аларга маалымат бербей, тийиштүү деңгээлде кызматташпай койгон учурлар бар. Ошондой учурда Коомдук кеңеш Координациялык кеңешке кайрылат. Биз өкмөт менен дайыма биргеликте иштешкендиктен өкмөт башчыга дароо бул боюнча маалымат жеткиребиз. Ар бир мекеменин Коомдук кеңешинин коррупцияга каршы күрөш боюнча өз ыкмалары бар. Ошолордун жардамы менен убакыт өткөн сайын паракорлук азайып бара жатат ", - дейт Координациялык кеңештин мүчөсү Канат Кубатбеков.

Канат Кубатбеков: Ар бир мекеменин Коомдук кеңешинин коррупцияга каршы күрөш боюнча өз ыкмалары бар. Ошолордун жардамы менен паракорлук азайып баратат
Image captionКанат Кубатбеков: Ар бир мекеменин Коомдук кеңешинин коррупцияга каршы күрөш боюнча өз ыкмалары бар. Ошолордун жардамы менен паракорлук азайып баратат

Башкы прокуратура дагы паракорчулукту жоюу боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатканын белгилеп, 2016-жылдын жыйынтыгын чыгырган.

"2016-жылы коррупция боюнча 812 кылымыш иши козголгон. Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 506 млн. 699 миң сом деп эсептелген. Анын 197 млн. 694 миң сом мамлекетке кайтарылган. 549 кылмыш иши боюнча 846 адамдын үстүнөн иш аяктап сотко жиберилген. Алардын ичинен 272 иш боюнча 375 адамга аныкталып, чечимдери чыккан", - дейт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Алманбет Абдраманов.

Бирок кээ бир байкоочулар, айрым изилдөөлөр боюнча Кыргызстан паракорлукка каршы күрөштө дагы деле жакшы жыйынтыктарга жете элек деп келишет.

"Кыргызстан боюнча алсак эки глобалдык изилдөөлөрүбүз жүргөн. Биринчиси, коррупцияга көз караш көрсөткүч индекси. Экинчиси, дүйнөлүк коррупция барометри. Биздин көрсөткүчтөрүбүз абдан эле жаман болуп жатат. Мисалы, коррупцияга көз караш индексинде болгон жүз баллдан жыйырма сегиз гана балл алдык, бул биздин экстремалдык коррупцияда турганыбызды билдирет.

Ал эми дүйнөлүк коррупция барометри изилдөөсүндө, мамлекеттик кайсы мекеме же бейөкмөт уюмдарды эң коррупциялашкан деп ойлойсуңар дегенде биринчи орунга сот системасы, укук коргоо органдары, чиновниктер чыгып жатат", - дейт "Трансперенси интернейшнл" уюмунун Кыргызстандагы улуттук бөлүмүнүн жетекчиси Адылбек Шаршенбаев.

Адылбек Шаршенбаев: Коррупцияга көз караш индексинде болгон жүз баллдан жыйырма сегиз гана балл алдык, бул биздин экстремалдык коррупцияда турганыбызды билдирет
Image captionАдылбек Шаршенбаев: Коррупцияга көз караш индексинде болгон жүз баллдан жыйырма сегиз гана балл алдык, бул биздин экстремалдык коррупцияда турганыбызды билдирет

Коомчулуктун өзүндө да коррупцияга каршы күрөш тандоо жолу менен жүрүп жатат деп сынга алгандар бар. Алар бийлик менен тил табышкандар кыңыр иштери үчүн жоопко тартылбай, бийликке сын көз караштагыларга басым жасалып жатат деп келишет. Ал эми серепчилер бул иштин натыйжасын көрүү үчүн убакыт да талап кылынаарын айтышат.

"Өкмөт көп нерселерди пландарына киргизип, ошолорду ишке ашырабыз деп жатат. Андан тышкары кээ бир өтө жогорку деңгээлдеги саясатчыларга кылмыш иштери ачылып, сотко тартылып жатат. Бул иш жүрүп жаткандыгынын кандайдыр бир деңгээлде көрсөткүчтөрүнүн бири. Бирок коррупция менен күрөшүү системалык түрдө жүрүш керек. Түптөп, аны жакшылап ишке киргизүү кандайдыр бир убакытты талап кылат. Дагы бир жолу - Грузия, Латвия, Эстониядай кескин түрдө өзгөртүүлөрдү киргизип жибериш керек, антпесе системалык түрдө биз киргизип жаткан жол өтө көп убакытты талап кылышы мүмкүн", - дейт "Трансперенси интернейшнл" уюмунун өкүлү Адылбек Шаршенбаев.

Акыркы алты жылда Кыргызстанда өтө таасирдүү адамдарга да кылмыш иши козголуп, айрымдары камалган. Бул иштерди оппозициялык маанайдагы кээ бир саясатчылар учурунда өз аракеттеринин жыйынтыгы болгон деп баалаганы менен бийлик коррупцияга каршы күрөштү өзү жүргүзүп келе жатканын айтат.

 


добавлен: 10.05.2017 15:25
просмотров: 876