Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Эсеп-кысабы жок мамлекеттик мүлктөр

Жогорку Кеңеш былтыр май айында өкмөткө мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана каттоону 2016-жылдын 1-декабрына чейин бүтүрүүнү тапшырган болчу.
Инвентаризация боюнча бардык маалымат камтылган атайын ачык электрондук портал ачууга Дүйнөлүк банк 2014-жылы 684 миң доллар грант берген.
 
2013-жылы кабыл алынган өкмөттүн узак мөөнөттөгү программасына ылайык, бул иштер 2015-жылы эле толугу менен аякташы керек эле. Бирок мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана каттоо боюнча электрондук система иштей элек.
 
“Азаттык” “Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу” долбоору жана анын айланасындагы жагдайларды иликтеп чыкты.
 
Кыргыз өкмөтүнүн 2013-2017-жылдары туруктуу өнүгүүгө өтүү программасында мамлекеттик мүлктү башкаруудагы өксүктөр кеңири жазылган эле. Өкмөт анда колундагы мүлктүн көлөмү менен баасы тууралуу толук, ишенимдүү маалыматы жоктугун мойнуна алган. Соңку жылдары мамлекеттик мүлккө жалпы республикалык инвентаризация жүргүзүү аракети болгону менен майнап чыкпаганын, мүлк боюнча статистика, юстиция жана мамлекеттик каттоо кызматтары берген маалыматтар бири биринен кескин айырмаланарын белгилеген.
 
Бул программада эң башкы маселелердин бири катары мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана каттоо боюнча борборлоштурулган системанын жоктугу аталган. Мындан улам “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри” мекемелер аралык автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү керектигин билдирген.
 
Кыргыз өкмөтү мындай электрондук система түзүү үчүн эл аралык донорлордон акча сураган. 2014-жылы Дүйнөлүк банк 684 миң доллар грант берген. Эл аралык тендер жарыяланып анда Грант Торнтон (Армения), Грант Торнтон (Кыргызстан) жана VXsoft (Ирландия) компанияларынын консорциуму утуп алган.
 
Бул долбоор 2016-жылы 31-октябрда аяктаган жана даяр электрондук система кыргыз өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.
 
Эң кызыгы, Мамлекеттик мүлк фондунда инвентаризациялоо боюнча мындай электрондук система 2012-жылдан тартып эле иштей баштаган. Аны “Кризис менеджерлер союзу” бекер жасап берген. Мындан улам бир система толук иштеп-иштей элек чакта эл аралык донорлордун каражатына дагы башкасын даярдоо зарыл беле деген суроо жаралган.
 
Каржы министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Бакытбек Сатыбеков мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана каттоо боюнча өкмөттүн долбоорун иликтеп жүрөт. Анын айтымында, мындай кошумча система түзүү зарылчылыгы жок болчу:
 
- 2012-жылы “Кризис менеджерлер союзу” Мамлекеттик мүлк фондуна мамлекеттик мүлктү каттоо боюнча электрондук система даярдап берген. Алар аны колдоно башташкан. Порталда алардын 2012-2013-2014-жылдардагы иштери боюнча отчеттору бар. Тактап айтканда, жаңы система түзүүгө акча сурагандын ордуна иштеп жаткан ошол системаны андан ары өнүктүрсө, кошумча жабдууларды сатып алса болмок. Ооба, жаңы система алда канча жакшы болушу мүмкүн. Ал долбоордун алкагында нормативдик-укуктук актылар даярдалды. Мунун баары жакшы. Бирок бул жаңы долбоор эмнеден улам сунушталганын билүү кызык. Эгер Дүйнөлүк банктан акча сураса, ал акчага өзүнчө жаңы система даярдалса, анда анын жыйынтыгын эмнеге колдонуша элек? Мамлекеттик мүлк катталган система эмдигиче иштей элек. “Кризис менеджерлер союзунун” системасында акыркы отчет 2016-жылдын 1-январы деп көрсөтүлгөн. Азыр болсо 2017-жылдын ортосу болуп калды. Демек азыр эч ким инвентаризация жүргүзгөн жок. Эгер биз жаңы системаны көрбөсөк, эски система 1,5 жылдан бери жаңыланбаса, инвентаризация жана эсепке алуу жүргүзүлбөсө, анда бул тиешелүү мамлекеттик мекеменин ишинин шалаакылыгы деп айтса болот.
 
Бул эки система боюнча Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчи орун басары Бакытбек Мураталиев "Азаттыкка" түшүндүмө берди. Анын айтымында, эски, мүмкүнчүлүгү чектелген системадагы маалыматтар жаңысына көчүрүлдү:
 
- Азыр экөө бирдей деп жатпайбы. Экөөнүн айырмасы өтө чоң. “Кризис менеджерлер союзу” бизге альтернатива кылып 2012-жылы бекер даярдап берген. Маалыматтык системада өзүнүн бир өзгөчөлүктөрү болот экен. Алар болсо аягына чыгарышкан жок. Ал системада үзгүлтүккө учураган учурлар болду. Биз булардын сервери менен колдончубуз. Азыр өзүбүз сервер алдык. Жаңы программа менен бардык мамлекеттик органдар, мисалы, Ошто отуруп деле толтура берет. Ар биринде электрондук ачкыч болот. Биз эски системадагы информацияны жаңысына которуп, синхрондоштурдук. Кийин аны толуктап жатабыз. “Кризис менеджерлер союзунун” системасы баарын толук камтыбайт. Жаңы системада кеңири, конкреттүү көрсөтүлгөн. Биз эски системадан жаңы системага көчүрдүк. Азыр мамлекеттик органдарга кыйла эле жеңил, алар болгону толуктап гана жатышат.
 
Мамлекеттик мүлк фонду www.budget.gov.kg электрондук порталындагы маалымат боюнча “Кризис менеджерлер союзуна” 2012-жылдан ушул күнгө чейин жарым миллион сомдон ашык акча төлөп берген. Акыркы жолу, ушул айдын башында, тактап айтканда, 6-июнда 14 миң сом которгон.
 
“Кризис менеджерлер союзунун” жетекчиси Элмира Мыкыева бул каражатты техникалык колдоо үчүн төлөнгөн акы деп түшүндүрүп жатат: Анын айтымында, алар Мамлекеттик мүлк фондуна инвентаризациялоо жана каттоо боюнча сайтты бекер, тажрыйба үчүн гана жасап беришкен:
 
- Биз аларга жалпысынан жети системаны бекер жасап бергенбиз. Биз жакында эле алардын расмий сайтын кайрадан жаңылап бердик. Мунун баарын бекер жасап бердик. Мындан беш жыл мурун Мамлекеттик мүлк фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин бир мүчөсү бул фонддун расмий сайтын түзүп берүүбүздү өтүнгөн. Сайт жасап бергенден кийин ушундай, инвентаризациялоо боюнча система түзгөнгө да жардам берүүбүздү суранышкан. Биз тажрыйба үчүн аларга жардам берели дегенбиз. Ушунча убакыт созулуп кетерин билген эмеспиз. Биз аларга бир жолу жасап бергенден кийин алар андан ары да өнүктүрүп беришибизди суранышкан. Ушинтип иш уланып кеткен жана орто жолдо кабыл албай да коюшкан. Анан аларда жаңы долбоор башталган, алар мындай системаны акчага жасатабыз деп чыгышкан. Мындан улам биз орто жолдо журналисттерге да кайрылганбыз. Бизде проблемалар болгон. Азыр эми жаңы жетекчилик менен кайра макулдашып алдык, алар бизди колдоп, чогуу иштешип жатабыз. Биз азыр ижара боюнча келишимдердин бирдиктүү реестри боюнча системага техникалык колдоо көрсөтөбүз, айына бизге 3,5 миң сом төлөшөт. Акыркы которгон акчанын 14 миң сом болуп кеткени себеби алар январь айынан бери төлөй элек болчу.
 
Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматы боюнча, Дүйнөлүк банктын “Мамлекеттик мүлктү башкарууну” жакшыртуу долбоору 2016-жылы 31-октябрда аяктады. Былтыр май-август айларында нормативдик-укуктук документтер кабыл алынды. Программалык камсыздоо даярдалып, бул программаны колдонуу боюнча 80ге жакын мамлекеттик мекемеден 120 адам атайын окуудан өттү. Былтыр август-октябрь айларында пилоттук долбоор катары Мамлекеттик мүлк фондунун борбордук аппараты, “Аврора”, “Витязь”, “Солнышко” эс алуу жайлары, “Элдик”, “Кыял” мамлекеттик ишканалары жана Оштогу “Туратаалы” базарынын мүлкүнүн эсеп-кысабы алынган.
 
Эксперт Бакытбек Сатыбековдун пикиринде, мындай пилоттук долбоордон кийин инвентаризациялоо иштерин былтыр жыл этегине чейин эле бүтүрүп коюу мүмкүнчүлүгү бар болчу:
 
- Мына ушундан кийин эле нормативдик-укуктук документацияны бекитип системаны толук колдонууга өтө берсе болмок. Жетиштүү кубаттагы жабдуулар да сатылып алынган жана бул жабдуулар былтыр ноябрь айында эле келмек. Ошондуктан Мамлекеттик мүлк фонду бул системаны 2016-жылдын ноябрь айынан бери эле толук колдоно баштаганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бул долбоордун өзүндө электрондук система ачык болоору көрсөтүлгөн. Эл мамлекеттин эмне мүлкү бар экенин көрүп турушу керек. Анткени алар салык төлөөчүлөр да.
 
Юстиция министрлигинде жалпысынан 1130 мамлекеттик ишкана каттоодон өткөн. Мамлекеттик мүлк фондунун билдиришинче, ушул тушта анын 166сы гана иштейт.
 
Электрондук системага жалпысынан 80ге жакын мамлекеттик мекеме мүлкү тууралуу маалыматты киргизиши керек. Алардын ичинен он мамлекеттик органдын мүлк тууралуу маалыматы жашыруун кармалат.
 
Жогорку Кеңеште Бюджет жана каржы комитети 12-июнда Мамлекеттик мүлк фондунун жалпы ишин карады. Анда фонддун жетекчиси Болсунбек Казаков ушул тушта мамлекеттик ишканалар менен мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын санын гана билерин, бирок жалпы мүлк тууралуу маалыматы жоктугун, болжолдоп да айта албай турганын мойнуна алды. Аталган комитеттин төрагасы, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана каттоо боюнча иштер ордунан жылбай жатканын айтып сынга алды:
 
- Ал жакта эч кандай жумуш болгон жок. Азыр жүздөгөн мамлекеттик ишкананын болгону үч-төртөө эле отчет берет экен. Бул толук башаламандык. Буларда эч кандай каттоо жок. Көбү мамлекетке чыгым алып келет, анан калса мамлекетке жүк да болуп жатат. Мүлк фонду тишелүү чараларды көрбөгөндүктөн былтыр дагы бир миллиарддан ашык сомго планды аткара албай калды. Мына быйылкы жылдын биринчи кварталында деле план аткарылган жок.
 
“Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров ​өлкөнүн материалдык жана материалдык эмес активдерин эсептеп, каттоо боюнча былтыр 19-майда кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомун эске салды. Документке ылайык, инвентаризациялоо иштерин бүтүрүүгө өкмөткө 2016-жылдын 1-декабрына чейин мөөнөт берилгенин белгиледи:
 
- Бир эле инвентаризация эмес, кайра баалоо, каттоого алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому чыккан. Кыргызстанда кайсы мамлекеттик мекеме, уюмдун эмнеси бар экени аныкталышы керек эле. Тилекке каршы ушул 25 жылдан бери өкмөттөрдүн эң чоң кемчилиги ушул болуп жатат. Экономикабызды жакшы башкара албай жатканыбыздын, көмүскө экономика болуп жатканынын себеби ушул эсеп-кысаптын жоктугу. Бизде эмне байлыгыбыз бар, ким ошону кандай пайдаланып жатканын билбейбиз. Инвентаризацияны бүтүрүңүздөр. Эмнебиз бар, эмнебиз жок экенин билбегенибиз бул чынында эле уят.
 
Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков комитеттин жыйынында депутаттарды бул иштер ушул жылдын аягына чейин бүтөт деп ишендирди:
 
- Инвентаризация – бул биздеги эң чоң көйгөй. Ушул кезге чейин бизде канча актив бар деген толук маалымат болбой келген. Былтыркы жылдан бери чоң иштер жасалды десем болот. “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри” мекемелер аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы (МАИС ЕРГИ) түзүлдү. Нормативдик актылар кабыл алынды. Бүгүнкү күндө инвентаризация жүрүп жатат. Өкмөт ушул жылдын 1-декабрына чейин тапшырма берген. Ошол 1-декабрга чейин биз инвентаризацияны толугу менен бүтүрөбүз деп ойлоп жатам.
 
Болсунбек Казаковдун маалымдашынча, Мамлекеттик мүлк фондунда инвентаризация иштерин текшерүү максатында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ бир катар каржылык мыйзам бузууларды аныктап жатат. Мисалы, Бишкектеги Спорт ордосунда Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашылбаган, акысы көрсөтүлбөгөн 34 ижара келишими аныкталган:
 
- Бул жумушчу топ инвентаризация болуп бүткөн, мекеме-уюмдарды кайрадан текшерип чыгып жатат. Ошол маалда да көп маселелер чыгып жатат. Мына жаныбызда эле турган Спорт ордосунан Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашылбаган 34 ижара келишими чыкты. Бул төлөмдөр бюджетке түшкөн эмес. Спорт ордосу боюнча беш кылмыш иши козголду. Буга окшогон мисалдар көп эле чыгып жатат. Башка мамлекеттик ишканаларда да чыгып жатат. Ошол эле “Военторг” мамлекеттик ишканасында да Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашылбаган, бюджетке түшүүчү төлөмдөрү көрсөтүлбөгөн ижара келишимдери түзүлгөн. Инвентаризация толугу менен бүтсө ар бир мекеме боюнча толук маалыматыбыз болот. Эгер алар ижарага, же сатыкка чыкса дагы ошол жэерде баары көрүнүп турат. Бюджетти пландаштырганга да толук мүмкүнчүлүк жаралат.
 
Былтыр жайында Коопсуздук кеңеши Мамлекеттик мүлк фондундагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча сунуштарды берген. Анда бул мекемедеги сегиз коррупциялык тобокелчиктин бири деп мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана каттоо жагы аталган эле.
 
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
 
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_corruption_special_investigation/28544325.html
 
 

 


добавлен: 15.06.2017 14:00
просмотров: 759