Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Сапаттуу дары - ден соолуктун кепили

Жогорку Кеңеш "Дары каражаттары" жана "Медициналык багыттагы буюмдар" жөнүндө эки мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул мыйзамдар дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылуу жаатында кийинки кезде начарлап кеткен эрежелерди жөнгө салып, тартипти күчөтөт деп ишендирип жатат. Бирок коомдо дары-дармектерди базарларда эч кандай көзөмөлсүз сатууга тыюу салат деген ишеним аз.

Жаңы мыйзам долбоорлоруна кандай жаңы жоболор киргизилип жатат? Медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөл күчөтүлөбү? Чет өлкөлөрдөн алынып келчү дары-дармектердин сапатынакепилдик болобу?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармектер менен камсыздоо департаментинин экспертиза бөлүмүнүн башчысы Жумакан Урманбетова, ушул департаменттин эксперти Айнура Абалиева жана министрликтин Коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев катышты.

“Азаттык”: Жумакан айым, Жогорку Кеңеш учурда талкуулап жаткан "Дары каражаттары жөнүндө" жана "Медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө" эки мыйзам долбоорун кабыл алса, кыргызстандыктар сапаттуу дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз болууга негиз түзүлөт деп ишене алабызбы? Ал үчүн бул мыйзамдарга кандай жаңы жоболор киргизилип жатат?

Жумакан Урманбетова: Сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо жаатында элдин тынчсызданып жатканы белгилүү, анткени акыркы кезде дары-дармектердин сапаты начар, ден соолукка зыян экен деген сөздөр болуп жатат. Бул мыйзам мына ушундай талаптарды жөнгө салуу максаты менен даярдалды. Ал эми азыр колдонулуп жаткан мыйзам 10 жыл мурун кабыл алынгандыктан мамилелерди жөнгө салууда жаңы талаптарга жооп бербей калган.

Андан тышкары Кыргызстан ЕЭАБге киргенден кийин бул уюмдагы өлкөлөрдүн ортосунда дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды шайкеш келтирүү боюнча эки келишим кабыл алынган. Ушундан улам бул долбоорлорго азыркы учурдагы талаптар киргизилди. Андагы негизги өзгөчөлүктөр дарылардын аталышы жана биологиялык кошулмалар боюнча болуп жатат. Биологиялык кошулмалар ушул мыйзамдын негизинде дары-дармектин тизмесинен чыгарылат, дарылардын баа саясатын жүргүзүү өкмөткө жүктөлөт.

Андан тышкары ушул мыйзам кабыл алынса лабораториялардын, дары чыгаруучулардын, клиникалардын, дарыканалардын ишмердигин тартипке салуу, дары-дармектерди мамлекеттик каттоого алуу боюнча эрежелер өзгөртүлүп, такталат. Мамлекеттик көзөмөл күчөгөндөн кийин базарларда, дарыканаларда дары-дармектерди башаламан сатууга тыюу салууга негиз түзүлөт.

“Азаттык”: Айбар мырза, Кыргызстан дары-дармектерди, жабдууларды өзү чыгара албайт. Ушундан улам дээрлик бардык дарылар сырттан ташылып келет, бирок ошол сырттан алынып келген дарыларды кабыл алуунун мөөнөтү мурда алды ай болсо азыр эки айга кыскартылган деген маалымат алдык. Ошол чынбы? Эгер мөөнөт эки айга кыскартылган болсо дарылардын сапатын текшерүүгө убакыт жетеби?

Айбар Султангазиев: Бул дары-дармектерди мамлекеттик каттоого алууну жөнөкөйлөштүрүүгө байланыштуу болот. Себеби эл аралык деңгээлдеги сапаттуу дары чыгарган компаниялар дарыларын Кыргызстанда сатууга анча кызыкдар болбойт, анткени калктын саны алты гана миллион. Ошон үчүн сапаттуу дары чыгарган атактуу фармокомпаниялар жол узак, анан каттоосу узак, катаал деп биздин рынокко келбейт. Ошон үчүн каттоого алууну жөнөкөйлөтүп шарт түзүү керек.

Андан тышкары көп мамлекеттерде жашоого өтө зарыл дары-дармектердин баасын бир калыпка салынган. Бизде дагы ошондой саясат жүргүзүү керек. Мисалы, Бишкекте 10 сом турган дарыны Нарындын ооруканасы 100 сомдон сатып алышы мүмкүн. Дагы бир маанилүү учур - дары-дармек Кыргызстанга киргенден баштап адамга берилгенге чейинки процесске мамлекеттик көзөмөл салынып, бир тартипте болушу керек. Ушул мыйзам ага негиз түзөт деген үмүт бар.

“Азаттык”: Айнура айым, Кыргызстанда медициналык багыттагы буюмдардын тизмеси кандай түзүлөт жана алар кандай негизде аныкталат? Анан ушул мыйзам долбоорлоруна буюмдарды колдонууга уруксат берүүнүн критерийлери такталдыбы?

Айнура Абалиева: Азыр колдонулуп жаткан мыйзам боюнча дары-дармек менен медициналык буюмдар бөлүнгөн эмес эле. Эми жаңы долбоор боюнча алар экиге бөлүнүп жатат. Анын ичинде эл аралык нормага ылайык медициналык буюмдар төрт топко бөлүнүп жатат.

Медициналык багыттагы буюмдарды каттоого алуу жана колдонууга уруксат берүү жаатында өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Азыркы мыйзам боюнча медициналык буюмдарды колдонуунун мөөнөтү беш жыл болчу, жаңы долбоор боюнча мөөнөтсүз болот. Медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоого алуу жана уруксат берүүгө көзөмөл күчөтүлсө тейлөөнүн сапаты жакшырат деген ойдобуз.

Талкууну толугу менен аудиодон угуңуз:

 

 


добавлен: 19.06.2017 14:02
просмотров: 676