Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин таасири күчөдү.

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин таасири күчөдү

Июль 17, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
13

ONS

Мамлекеттик органдардын координациялык кеңеши 3 күндүк конференцияга чогулуп, стратегиялык пландарын талкуулады. Жыйынга коомдук кеңештердин өкүлдөрү, Кыргызстандын акыйкатчысы катышты. Коомдук кеңештер жаңы секретариатты тандап, Координациялык кеңештин төрагасын шайлашты.


Бактыгүл Жумакулова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү. Ал өзү балдар дарыгери. Буга чейин Ош облусунда башкы балдар педиатры болуп 20 жыл эмгектенген. Ал дарыгерлик кесибин аркалап жүрүп, оорулардын жашарганын байкап, бул тармактагы саясатты изилдеп көрүүнү чечкен.

Алгач департаментте иштеп жүргөндө Бишкек шаарындагы 94 мектепте мониторинг жүргүзүп, ар бирин медицина кызматкерлери, атайын бөлмөлөр менен камсыз кылууга көмөкчү болгон. Андан кийин кадр маселесин козгоп, балдардын ооруларын алдын-ала билген кадрлар жок экендигин, балдар биринчи класска барганда медициналык текшерүүдөн өтпөй жаткандыгын көтөрүп чыккан. Жумакулованын айтуусунда, учурда бул маселенин 60 пайызы чечилип калды.

Муну менен катар, Улуттук Онкология борборундагы кадр саясаты, ага 9 жылдан бери жетекчи шайланбай келгенин коомдук кеңеш көтөрүп, соңунда шайлоо өттү. Бирок ал да элди алдоо менен өткөн. Ушул сыяктуу маселелерди козгоп, министрликтин ишин ачыкка чыгаруудагы ролу тууралуу Жумакулова төмөнкүлөрдү айтты.

-Министрлик айла жоктон биз менен эсептешип жатат. Мисалы, Саламаттыкты сактоо департаментин алсак, бир адамдын туура эмес саясаты үчүн бир мекемени жоюп коюшту. Бул туура эмес. Биз Департаменттин жетекчисинин туура эмес саясатын да аныктап чыгып, абалды турукташтырдык. Бизге кысым, куугунтуктар болду. Бирок баары бир ал кишини жумуштан алууну талап кылдык. 

Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө 11 мамлекеттик органда коомдук кенеш түзүлө элек. Анын ичинен 6 мекемеде коомдук кенештерди түзүү үчүн сынак жарыяланган, бирок мүчөлөр тандала элек. Бул тууралуу Координациялык кеңештин тандоо комиссиясынын төрайымы Зарина Макен билдирди. Маалыматтар боюнча, учурда 12 министрликте, 3 мамлекеттик комитетте, 6 агенттикте, 9 мамлекеттик кызматта, 3 фонддо, 2 инспекцияда коомдук кеңештер иштеп жатат. Анын ичинен Ички иштер, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрликтеринде коомдук кеңештер эң жигердүү түрдө иш алып барууда.

-Учурда коомдук кеңештерге талапкерлер жетишсиз болууда. Мисалы, 35 мамлекеттик органдын алдында коомдук кеңеш түзүлгөн. Анын 24ү шайланды. 11 мамлекеттик органда коомдук кеңеш түзүлө элек. Анын ичинен 6 мекемеге конкурс жарыялаганбыз. Бирок 4 айдан бери талапкерлер чыкпай жатат.

Коомдук кеңештер министрлик, ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүндөгү иштерге да саресеп салышат. Ички иштер министрлигинин коомдук кеңеши Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы Ички иштер бөлүмдөрү менен жыйын өткөрүп, аймактардагы маселелерди министрликке жеткирүүгө аракет кылышууда. Коомдук кеңештин мүчөсү Таалайбек Алыбаев, жер-жерлерде элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга ада аракет кылышаарын айтат.

Жарым жыл ичинде, апрель айында биздин коомдук кеңеш Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы Ички иштер түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен жыйын өткөрдүк. Анда аймактардагы орун алып жаткан маселелер, көйгөйлөр тууралуу маалымат алып, министрликке жеткирип жатабыз. Муну менен катар эле, элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу үчүн, жер-жерлерде жолугушууларда, милиция бийлик үчүн эмес, эң биринчиден эл менен иштешүүсү керектигин айтып жатабыз. 

Иш-чаранын негизги максаты Координациялык кеңештин секретариатын жана башчысын шайлоо болчу. Учурда координациялык кеңештин төрагасы болуп, Экономика министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров шайланды. Ал эми секретариаттын курамына 7 киши кирди. Төлөнбек Абдыров, буга чейин Билим берүү жана илим министрлигиндеги грант маселесин текшерип чыгып, бир катар алешемдиктерди аныктап чыккан.

Коомдук кеңештин мүчөлөрү стратегиялык пландарды талкуулап, өзгөртүүлөрдү киргиздик. Стратегиялык планда — Координациялык кеңештин алдыдагы максаттары, коомчулук, мамлекеттик органдар менен коммуникация түзүү сыяктуу иш пландары кирди. Бул биздин негизги иш документибиз болуп эсептелет. Кызуу талкуу менен кабыл алынды. Муну менен жакшы жыйынтыктарга жетишебиз деп ойлойм. 

Ошентип Коомдук кеңештер алдыдагы жылдары кандай багытта, кандай кадамдар менен иш алып барышаарын талкуулап, негизги иш документин кабыл алышты. Эске сала кетсек, Жакында Коомдук байкоочу кеңештер тууралуу мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Жаңы мыйзам долбоорун Жогорку кеңештин депутаты Аида Касымалиева демилгелеген.


добавлен: 18.07.2017 17:59
просмотров: 1009