Бишкектиктер үйлөрүнө кире албай калышты (видео)

 

Жаңы эле оңдолуп-түзөлгөн жол, бирок анын кесетинен, айрым бишкектиктер үйлөрүнө кире албай дагы, чыга да албай калышты. Борбор калаадагы көчөлөрдүн бири реконструкциядан өткөрүлүп, бирок анын жүрүшүндө кээ бир жашоочулардын короолорунун дарбазалары ачылбай калган. Үйдүн алдындагы кире беришине калтырылган тилкеге балдардын коляскасы да батпайт экен. Буга нааразы болгон жашоочулар кайрылбаган мекеме калган жок. Барынан кызыгы, оңдолгон жол долбоорлоо-сметалык документациясы жок жасалган. Тактап айтканда, болжолдуу проекттин негизинде бүткөрүлгөн.