Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Бюджеттик орунга бактысын сынагандар

30-июль күнү гранттык орундарга талон таштоо токтоду. Айрым мектеп бүтүрүүчүлөрү эңсеген кесиптин ээси болом деп жаңы окуу жылына даярдык көрүп жатса, башкалары аргасыздан өзү каалаган адистиктен баш тарткан.
Быйыл жогорку окуу жайларга мамлекеттен жалпысынан 5705 гранттык орун бөлүнгөн. Ал орундар үчүн тестирлөөдөгү баллы босого чектен өткөн 26 миңден ашуун абитуриент катышып, алардын 4420сы жогорку окуу жайларга кабыл алынды. Мамлекет бөлгөн гранттык орундардын ичинен ар кыл адистиктер боюнча 421 орун бош калды.​ Анткени эл арасында философия, теология, маданият таануу, технологиялык, педагогикалык адистиктерге кыздары менен балдарын тапшыртчулар өтө аз.
 
Болот уулу Нурсултан быйыл Бишкектеги №93 мектепти аяктады. Аттестаты “4” жана “5” деген бааларга толгон бүтүрүүчү бала кезинен журналист болууну кыялданчу. Бирок жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы аны башка кесип тандоого аргасыз кылды:
 
- Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып 142 балл алдым. Бала кезимен журналистикага кызыкчумун. Бирок бул факультетти тандай алган жокмун. Алган баллым төмөн болгондуктан, бюджеттик орунга илинүү ыктымалдуулугу аз эле. Ата-энеме айтсам чет тилдер факультетине тапшырууну сунушташты. Окуу акысы 38 000 сом болсо да корей тилин окууну чечтим.
 
Учурда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте гранттык орунга өткөн абитуриенттердин саны аныкталды. Аталган окуу жайга абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын жетекчиси Муратаалы Сатымкулов талон таштагандардын саны өткөн жылкыга караганда азыраак болду дейт:
 
- Жылдагыдай эле быйыл чет тилдер жана тарых факультеттери боюнча бюджеттик орунга ат салышкандардын саны көп. Толбой калган факультеттерибиз да бар. Аларга философия, теология, маданият таануу бөлүмдөрү кирет. Контракттык негиздеги окуу бөлүмүнө мурдагыдай эле экономика, юридикалык адистиктерин тандагандар көп. Экономика факультети (контракт) биринчи турда эле толгон. Жалпысынан биздин окуу жайга кабыл алынгандардын саны 5000ге чукулдап калды.
 
Жооптуу катчынын айтымында, акы төлөп окууну каалагандарды кабыл алуу улантылып жатат.
 
Ал эми Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын абитуриенттерди кабыл алуу коммисиясынын жооптуу катчысы Эсенгелди Жолдошбековдун белгилешинче, быйыл гранттык багыттагы окууларга 1659 бүтүрүүчү, акы төлөп окуу үчүн 1612 абитуриент талон таштаган. Алардын басымдуу бөлүгү дарылоо факультетинде окуу үчүн ат салышты:
 
- Былтыркыга караганда быйыл тапшыргандардын саны көбүрөөк. Контракттык негизде окуу үчүн биринчи турда 465, экинчиде 156, ал эми үчүнчү турда 112 абитуриент кабыл алдык. Дарылоо факультетине 499 балл менен өткөн абитуриенттин көрсөткүчү эң жогорку деп табылса, көрсөткүчү салыштырмалуу аз деген адамдар 284 балл менен өттү. Ал эми алтын сертификат алгандардан тогузду кабыл алдык. Жалпысынан 34 орун толбой калды, алардын ичинен 11 бюджеттик орун бар.
 
Анткен менен быйыл деле медициналык адистикке окууну каалагандар көп болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Абылкасымова билдирди. Адистин айтымына караганда, быйылкы көрсөткүчтөрдөн кесип тандоого маани бериле баштаганы байкалды:
 
- Мурун жаштар кандай болсо да жогорку билим алууну максат кылчу. Азыр алар керектүү келечектин кесибин тандап калышты. Маселен, алгачкы жолу К.И.Скрябин атындагы агрардык университетке берилген бардык орундар толду. Бул үйдөн, мектептен тарта кесип тандоодо туура багыт берилип жаткандыгынан кабар берет. Престиждүү деп медициналык, программалоо жана чет тилдер факультеттерин айтсак болот.
 
Билим берүү министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай, тескерисинче, жаңы муунду кесипке багыттоо иштери чабал жүрүп, анын айынан жаштар максаты жок эле туш келди окууларга кирип жатат деген ойдо:
 
- Мектептен тарта кесиптер тууралуу кененирээк маалымат берип, бирдиктүү иш алып баруу керек. Жаштар өзү болжолдогон же тааныш-билиш аркылуу бир кесипти тандашат. Кесипти анализдебейт, маселен, экономика адистигине окуган сутдент айлык маянасын, жумуш ордун эске алышпайт. Акчасы аз деп көбү жумушсуз калып жатат. Себеби көздөгөн максаты жок. Бизде бакалавриат деп аты эле болбосо, бул сиситема толук иштебейт. Маселен, башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй студент экинчи курстан баштап башка факультетке которулууга укугу болуш керек.
 
Быйыл жогорку окуу жайларга мамлекеттен жалпысынан 5705 гранттык орун бөлүнгөн. Алардын ичинен ар кыл адистиктер боюнча 421 орун бош калды.
 
Мамлекет бөлгөн бюджеттик орундарга сертификат алгандар, чыгармачылык конкурстардын негизинде кабыл алынчу адистиктерди тандагандар, эл аралык абитуриенттер, этникалык кыргыздар, магистратурада окугусу келгендер да кирет.
 
 
https://www.azattyk.org/a/enrolee_budget_profession_result/28654821.html
 
 

 


добавлен: 19.09.2017 14:46
просмотров: 77