Өлкө боюнча 122 мектепке капиталдык ремонт жасап, же жаңыдан салуу керек. Бул 2017-2018-окуу жылындагы курулуштардын планына киргизилген. Учурда табигат кырсыктарынан жабыркаган райондордогу обьектилерде жаңы мектептердин курулуштары башталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира кудайбердиева, президент менен жолугушуусунда билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө мектептердин курулуштарын өз мөөнөтүндө аяктоо зарыл экендигин, ал эми жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан райондордо – суук түшкөнгө чейин балдардын окуусу үчүн бардык шарттарды түзүү керектигин белгиледи. Министрликтин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркулов, окуучулардын чатырларда окуп калбоосу үчүн аракеттер болуп жатканын белгилейт
Учурда эң кооптуу абалда турган 12 мектептин курулушун тиешелүү кызматтар бүтүргөнгө аракет кылышат. Ал мектептердин курулушу 2017-18-жылдардагы окуу жылынын планына киргизилген, тез арада бүтүрүүнү сунуштап жатабыз.
Жакында эле Кыргызстандагы мектептердин курулушу жана коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Анда авариялык мектептер, курулушу бүтпөй жаткан мектептер, жана аларды куруудагы кемчиликтер изилденген.
Маалыматтар боюнча, учурда өлкө боюнча 1 миллиондон ашык окуучу бар. Бирок өлкөдөгү мектептердин мүмкүнчүлүгү 600 миң окуучуну гана батырат. 32 мектеп 30-40-жылдары курулган. 50-60 пайызы ашар жолу менен салынгандыктан учурда акыбалы начар. Ошондой эле, 193 мектеп авариялык абалда турат. Анын ичинен 12си өтө шашылыш түрдө жасалуусу шарт. «Булан институтунун» жетекчиси Чолпон Орозобекова, ашар жолу менен салууну токтотуп, жаңы инвестиция табуу зарылдыгын белгилейт.
—Авариялык абалдагы мектептердин картасын түзүп чыктык, алардын жалпы саны 193. Бул министрликтин тизмесиндеги расмий маалымат. Бирок изилдей келгенде авариялык абалдагы мектептер андан да көп. Быйыл министрлик өтө шашылыш түрдө 12 мектепти бүтүрүшү керек эле. Анткени ал мектептердеги балдар чатырда, клубтарда, бала бакчанын имараттарында окуп жатышат. Биз булардын ар бири менен байланыштык. Биринчи орунда Ош турат, анда 500дөн ашык мектеп. Андан кийин Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Чүй, Талас облустары турат. Балким эмдиги жылы жок дегенде ушул мектептерди курула турган тизмеге киргизүү керек.
Экономиканын өнүгүүсүнө билим берүү тармагы чоң түрткү болгондуктан өнүккөн өлкөлөрдө бул тармакка инвестицияны көп салышат. Кыргызстанда мектеп курууга акыркы жылдары гана байкала турган деңгээлде көңүл бурула баштаганын эксперттер айтышат. Учурда өлкө аймагындагы 12 авариялык мектептин курулушу бүтпөй, окуучулар быйыл да чатырларда окууну улантаары ыктымал болуп турат.
Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай, министрлик эң биринчи кезекте шашылыш салынышы керек болгон мектептерге көңүл бурушу керектигин белгилейт. Ошондой эле, мектеп салууда мамлекеттин атайын саясаты болуп, кайсы мектеп кайсы убакта курулуп жаткандыгы электрондук түрдө ачык көрсөтүлүшү керек.
-Мамлекет мектеп салууда эң биринчиден авариялык абалдагы мектептерге көңүл бурушу керек. Бизде болсо тилекке каршы, айрым аймактар эске алынбай, жаңы мектептер салынып жатат. Айрым депутаттар өз аймагынан колдоо алуу үчүн айылына мектеп салып коюп жатат, депутаты жок айылдарга эч ким көңүл бурбайт. Негизи мектеп салууда мамлекеттин атайын саясаты болуш керек. Кайсы жерде кандай мектеп салынып жаткандыгы да элге ачык болуш үчүн электрондук түрдө көрсөтүлүш керек.
Кошумчалай кетчү жагдай, 2017-жылдын 1-сентябрына карата өлкөдө жаңы 100 балдар бакчасы да ачылат. Мектептерде 27 окуу предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекттер сыноодон өткөрүлө баштайт.
http://maralfm.kg/archives/240917
|