Мына ошол жоюлган 12 башкы башкармалыктын базасында милициянын өз алдынча алты кызматы уюштурулду. Ички иштер органдары менен иш алып барган айрым укук коргоочулар милицияны реформалоого адатта үстүртөн мамиле жасалып, аны бийликтин калканчы жана "союлу" катары колдонгон өнөкөт бар экенин белгилешти.
Мына ошондуктан он алты жылдан ашуун убакыттан бери ички иштер органдарынын аталышы гана өзгөрүп, ал эми маңызы мурдагыдай эле калып жатканы сынга алынды. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы милицияны реформалоо бир нече этаптан турарын белгилеп, бул жолу мазмундук жактан дагы өзгөртүүгө бел байланганын билдирди.
Жаңы кызматтардын жаңылыгы
Ички иштер министрлигинде өз алдынча алты кызмат уюштурулуп, анын түзүмү жаңыланганы жарыяланды. Алар - криминалдык милиция кызматы, Маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, тергөө кызматы, экстремизм менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы, коомдук коопсуздук кызматы жана ички териштирүү кызматы.
Криминалдык милицияга мурдагы кылмыш иликтөө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, ыкчам анализдөө башкы башкармалыктары, атайын даярдыктагы отряд жана кезмет бөлүмү кирди. Мурдагы башкы тергөө башкармалыгы, ички териштирүү башкы башкармалыгы "кызмат" болуп өзгөрүп, Маңзатка каршы күрөшүү кызматы ошол боюнча калган.
Мурдагы онунчу башкы башкармалык экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы каршы күрөшүү кызматы болуп аталды. Коомдук коопсуздук кызматына мурдагы жетинчи бөлүм, мурдагы жол кайгуул башкармалыгы жана мурдагы атайлаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгы сыяктуу сырткы байкоо бөлүктөрү кирген.
Министрликтин маалымат кызматы жол коопсуздугун көзөмөлдөө тармагын кайсы кызматка кошуу же өз алдынча калтыруу маселеси такталып жатканын кабарлады. Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков реформалоонун алкагында жаңы түзүмдүн жобосу иштелип чыгып жатканын билдирди:
- Бул алты кызматты түзүү аркылуу министрликтин жетекчилиги бул реформаны аягына чыгарууга аракет кылат. Эң башкысы бул реформанын жыйынтыгы биздин карапайым жарандарга жакын арада байкала баштайт. Ар бир кызматтын тармактык милдеттери так аныкталып, тиешелүү ченемдик документтер кабыл алынат. Мына ошондон кийин алардын мурдагылардан айырмасы жана өзгөчөлүктөрү аныкталып, алар кайсыл учурда бири-бири менен айкалышып биргеликте иштөөсүнүн шарттары бекитилет. Муну менен милицияда түп-тамырынан бери өзгөрүү жүрөт. Анан дагы бул реформанын негизги өзөгүн кадр тандоо маселеси түзөт. Мына ошол жагы ишке ашып кетсе анан реформанын жыйынтыгы көрүнө баштайт.
Анткен менен милициянын ишмердиги менен байланышкан укук коргоочулар муну ички иштер органдарын түп-тамырынан бери реформалоо деп эсептешпейт. Алардын айтымында, Кыргызстанда тиешелүү мамлекеттик органдардын атын өзгөртүп туруп, кайрадан түзүүнү "реформа" деп атаган өнөкөт кеңири жайылтылган.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мына ошондуктан "милиция баш болгон күч түзүмдөрү мыйзамга эмес, бийликке кызмат кылуудан ары кете албай жатышат" деп сынга алды:
- Ички иштер органдарында реформа жасаш үчүн аны саясаттан тышкары кылуу керек эле. Бул деген жетекчилик саясатка аралашпасын дегенден мурун аны дайындоодо саясий чечимдер кабыл алынбасын деген сөз. Алар мурда да, азыр да саясатташып, саясий буюртмалар менен алек. Анан дагы ички иштер органдары тууралуу мыйзам оңолгон жок. Ал бийликке ыңгайлуу болгон ички нускамалар жана оозеки көрсөтмөлөр менен иштеп калган. Анан дагы милиция Баш мыйзамдын талаптары мыйзамдуулук дегенди түшүнө бербейт. Алар үчүн анын тиешеси жоктой сезишет. Алар үчүн эң эле башкы нерсе - ички нускамалар жана көрсөтмөлөр. Ал тармакта мыйзамдын үстөмдүгү ошон үчүн орнобой, ошол үчүн реформа болбой жатат. Кызматтардын аталышын өзгөрткөнү менен заты өзгөрбөсө бекер да.
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_politics_reforms/28663569.html