Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Дильшат Хасанов Маданият министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Коомдук кеңешинин жаңы курамы биринчи отурумун өткөрдү. Ага министр Түгөлбай Казаков төрагалык кылды.

Коомдук кеңештин биринчи отурумунда негизги маселе катары Кеңештин төрагасын, анын орун басарларын жана жооптуу катчыны шайлоо каралды.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы болуп кино ардагери, Кыргызстандын кино жана драматургиясынын жашоосундагы зор салымы бар инсан Дильшат Хасанов дайындалды. Ошондой эле, анын орун басары болуп теле жана кино жаатында чоң тажрыйбасы бар «Алим Токторов Продакшн» студиясынын жетекчиси Алим Токторов, жооптуу катчылыкка Саадат Шерматова тандалды.

Мындан сырткары, отурумдун  жүрүшүндө Маданият министрлигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү бир катар маселелер талкууланды.

Эске салсак, буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Коомдук кеңешинин жаңы курамы шайланып, анын курамына Дильшат Хасанов,  Алим Токторов, Саадат Шерматова, Назгүл Мазекова, Рахатбек Ибраимов жана Жылдыз Шайбекова кирген.

http://maralfm.kg/archives/250505

 


добавлен: 16.10.2017 12:08
просмотров: 880