Транспорт жана жолдор министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Талант Садакбаев жана Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Чынара Касмамбетова NEWTV каналында түз эфирдеги берүүгө катышты. Программа "Жол коопсуздугу жана аны камсыз кылууда министрлик менен ведомстволордун ролу" деген теманын тегерегинде болгон. Берүүнүн катышуучулары жол коопсуздугун камсыз кылуудагы көйгөлөр жана аларды чечүү үчүн аткарылчу иш-чаралар тууралуу сөз кылышты.
|