Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Коомдук кеңештердин мүчөлөрүнө сынак жарыяланды

Өлкөдө он беш мамлекеттик органдын коомдук кеңештеринин иш мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аталган кеңештерге мүчөлөрдү тандоо боюнча Комиссия коомдук кеңештерге сынак жарыялады.

Сынак төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине жаряланды:

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Саламаттыкты сактоо министрлиги;

Транспорт жана жолдор министрлиги;

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги;

Технологиялар жана байланыш комитети;

Каттоо кызматы;

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы;

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы;

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы;

Архитектура, курулуш жана турак-жай комплекси агенттиги;

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги;

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги;

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы.

Медициналык милдетүү камсыздандыруу фонду;

Сынакка бизнес чөйрөсүндөгүлөр, эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай ассоциациялардын өкүлдөрү катыша алышат.

Коомдук кеңеш мүчөлөрү 2 жылга тандалат. Сынакка катышуу үчүн арыз, резюме, коомдук кеңеште кандай иштерди аткарып, кандай аракеттерди көрөөрү тууралуу кыскача баяндама жана эки уюмдан рекомендациялык кат керектелет.

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери 2011-жылы мурдагы Президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн. Кеңештер атайын мыйзамдын негизинде иш алып барат жана алардын негизги максаты — мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөө болуп саналат.

 

ttp://kyrgyztoday.org/ru/news_ky/koomduk-keneshterdin-mucholoruno-synak-zharyyalandy/#comment-14132


добавлен: 16.10.2017 12:49
просмотров: 875