Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Толкунбек Исаков: Милициянын өлүмү катардагы кылмыш эмес.

25-октябрда ИИМинин Нарындагы адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын 26 жаштагы кызматкери капысынан өз кесиптешин атып алып, жаракат алган кызматкер дароо жан берген. Кырсык Нарын ШИИБинин күзөт бөлүмүнүн курал сактоочу бөлмөсүндө болгон. Облустук милиция бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.
 
Ал ортодо борбор калаада Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Уларбек Майрамбеков 26-октябрдын түнүндө бычакталып каза болду. 25 жаштагы ага-лейтенант У.Майрамбеков Криминалдык милиция кызматында иштечү.
 
Маалыматка ылайык, окуя Бөкөнбаев-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголуп, экспертиза дайындалды.
 
Биз күч кызматкерлеринин коопсуздугу жана иштеги калпыстыктан кыйылган өмүрлөр тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков менен «Күн чекитте» маектештик.
 
Марал: Биринчи Нарын облусунда болгон окуяга токтолсок. Курал колдонуудагы этиятсыздыктан бир өмүр кыйылды. Муну кырсык дегенибиз менен буга окшогон окуялар Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө байма-бай катталып келет. Мунун башкы себеби катары сиз эмнени көрүп жатасыз?
 
Толкунбек Исаков: Менин жеке оюмда биринчи кезекте буга тиешелүү жоопту кызматкерлердин шалаакылыгы себеп болуп жатат. Демек системалуу түрдө окуу, түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги байкалат. Экинчиден жеке курамда тарбия иштеринин жүрбөгөнүнүн белгиси. Окуу жайда түшүндүрүү, окутуу кылдаттык менен болот. Анткени, окуу жайлар менен көп эле иштешкенбиз. Ал эми жумушка орношкондо ал жакта ар ким өз иши менен алектенип, өз маселелери менен жүрүп коопсуздукка анча көңүл бурулбай калып жатат.
 
Марал: Нарында болгон кырсыкка байланыштуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев дагы окуя болгон жерге барганы айтылды. Кылмыш иши дагы козголуп отурат. Эми сөзсүз кызматтык иликтөө дагы жүргүзүлөөрү белгилүү да. Кандай чара көрүлүшү керек жана буга окшогон окуялардын кайталанбашы үчүн кандай кадамдарга баруу зарыл?
 
Толкунбек Исаков: Ич ара эле тыянак чыгарып койбой сөзсүз түрдө кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы коомчулукка жарыяланышы керек. Жеке курамдын баарына сабак өткөзүлгөндө жыйынтыктар тааныштырылышы зарыл. Буюрса, милициялардын күнү өткөрүлгөндөн кийин ИИМнин коомдук кеңеши милиция кызматкерлеринин арасында жасалган кылмыш иштери боюнча маалыматтарды чогултуп, биз дагы сунуштарыбызды беребиз. Байкообузда тилекке каршы, акыркы кездерде кырсыктар көбөйдү. Ноябрдын ортосуна барып, ал маалыматтарды коомчулукка жарыялайбыз.
 
Марал: Эми экинчи окуяга келе турган болсок Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Уларбек Майрамбеков бычакталып каза болду. Бул катардагы эле кылмыш окуясыбы же кандайдыр шектүү жагдайлар барбы?
 
Толкунбек Исаков: Күч органдары бул окуя боюнча өз иликтөөсүн жүргүзөт. Жеке мен үчүн бул өтө шектүү болууда. Эмне себептен ал эмгек өргүүсүнө (отпуска) чыккандан баштап бул кырсыкка кабылды. Мага түшүнүксүз болуп турат. Бул бала жаш жигит эле. Эми турмуш курайын деп, үйлөнүү тоюн өткөзүү үчүн отпускага чыккандан бир күн өтпөй эле кырсыкка туш болду. Бул деген катардагы эле кылмыш эмес, мындан башка дагы жагдайларды камтыйт деген белги.
 
http://maralfm.kg/archives/260077

добавлен: 01.11.2017 17:23
просмотров: 505